Бишкек шаарында уунаны уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБнин басма сөз ккызматы бүгүн, 4-февраль күнү билдирди.
Алардын айтымында, 31-январь күнү Көк-Жар жаңы конушундагы үйдүн астынан белгисиз адам 4000 доллар турган “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунааны уурдап кеткен. Унаанын ээси арыз менен милицияга кайрылган. Аталган факт катталып, ууруну издөө иштери башталган.
Ошол эле күнү милиция кызматкерлери шектүүнүн изине түшүп, 1988-жылы туулган Ч.Б. аттуу жаранды кармашкан.
Мындан сырткары кармалган шектүү Көк-Жардагы уурдоо боюнча 12 фактыга катыштыгы бар экени аныкталган.
Кимдир бирөө кармалган жарандан жабыр тартса, 0(771) 676-728, 0(709) 767-606 же 102 номерине чалсаңыздар болот.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ