Эртең, 13-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жана Бишкекте (түнкүсүн -2…-4, күндүз 0…2 градус болот) мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда кар калың түшүп, жолдор тайгак болот, кар күрткүсү күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…2;
Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…2;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…2, күндүз 0…5;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…3;
Нарында түнкүсүн -11…-16, күндүз -5…-10 градус болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ