2017-жылдын 24-ноябрь күнү кечки саат 24:00 чамасында Акталаа РИИБне Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 27 жаштагы Ж. А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Бул туурасында Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Себеби, 2017-жылдын 24-ноябрь күнү кечки саат 24:00 чамасында жабырлануучу Кант шаарынан Тогуз-Торо районуна кетип бара жатып, Акталаа районунун Баетов айылына жеткенде автобекет аймагынан “Степвагон” үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз адамдар келишип, жабырлануучунун автоунаасын токтотуп, күч колдонуп, анын акча каражатын алып коюшкан.
Жогорудагы кылмыш иши боюнча Нарын ОИИБнин ыкчам өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары Акталаа районунун Баетов айылынын тургундары 26 жаштагы К. уулу Н. жана 23 жаштагы А.уулу Н. кармалышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр күнөөлүрүн толугу менен мойундарына алышкан. Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр Акталаа РИИБнин убактылуу кармоочу жайына кармалышкан. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ