Menu

Өзбекстан: имамдар мечитке келгендерди гезиттерге жазылууга мажбурлашууда

Бөлүшүү:

Өзбекстанда имамдар мечитке келгендерди мамлекеттик басылмаларга жазылууга мажбурлап жатышат. Имамдардын бири гезитке жазылуу үчүн акча чогултуу — өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгынын тапшырмасы экенин билдирди.

«Бизди 30-60 миң сумдан (3-6 доллар) төлөп, эч ким окубаган гезиттерге жазылгыла деп жатышат. Имамдын айтымында, эгер биз басылмаларга жазылбасак, мечитибиз жабылат экен», – деди Ташкент облусунун жашоочуларынын бири.

Анын айтымында, мындан тышкары мечитке келгендерди Өзбекстан муфтийи Усманхан Алимовдун «Тафсири Ирфон» жана «Мухаммед пайгамбардын мурасы» деген китептерин 50 миң сумга (6,5 доллар) сатып алууга мажбурлап жатышат.

– Бизди муфтийдин жаңы чыккан китебин сатып алгыла деп жатышат. Мен ал китепти окубастыгымды билем, бирок сатып алууга туура келди. Бизде адамдар имамдардын айткандарын угууга көнүп калышкан. Ошондуктан бийлик аларды пайдаланып, окурмандар арасында суроо-талапка ээ эмес гезит-журналдарга жаздыртышууда, – деди ал.

Ташкент облусундагы «Эски ковунчи» мечитинин имамы Бахадыр Мадумаров мусулмандарга мезгилдик басылмаларга жазылып, муфтийдин китебин сатып алуу тууралуу айтканын ырастады. Бирок ал бул сөздөрү сунуш гана болгонун кошумчалады.

Өз булактардын билдиришинче, Өзбекстандын башка облустарында дагы мечитке келгендерди мамлекеттик гезиттер менен журналдарга жазылууга мажбурлап жатышат. Хивадаги мечиттердин биринин имамы өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгынан аларга адамдарды мамлекеттик жана бийликчил гезиттерге жазылууга үгүттөө тапшырмасы келгенин билдирди.

– Биз басылмаларга жаздыруу боюнча 1 миллион 300 миң сум (1600 долларга жакын) өлчөмүндөгү планды аткарышыбыз керек. Ошондуктан азыр мечитке келгендерден акча чогултуп жатабыз. Эгер чогулган акча планды аткарууга жетпей калса, анда мечитке садага катары берилген акчадан кошобуз, – деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: