Ар бир адамдын кемчилиги болот. Бирок, ошол кемчиликти түздөп кетүүнун өзү чоң эрдик. Эгер бул сапат Кыргызстандагы жетекчилердин бардыгында болсо өлкөбүз тез эле тыңып кетмек эле. Кашайып андай болбой жатпайбы. Ошентсе да мындай адамдар таптакыр жок эмес. Алсак, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жаңы келгенде иштин көзүн таба албай жатты эле. Убакыттын өтүшү менен өзүнүн чарбачыл адам экендигин көргөзүүдө. Иш алып барганы жаман эмес. Эл менен болгон байланышы, шаар келечегине көргөн камы да жылуу пикирлердин кучагына алынууда. Андыктан, Айтмамат мырзанын мындай аракеттери чаалыкпасын десек жарашат.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ