Menu

Назира Айтбекова: “Эркектин баары “бойдок ” десе бош, ээн жаткан гараждай көрүп, унаасын короосуна токтоткусу келет”

Бөлүшүү:

Теле алып баруучу Назира Айтбекова бойдок аялдар тууралуу өз оюн инстаграммдагы өзүнүн баракчасына жазды:

“Менин анализим боюнча күйөөсү барлар ишенимдүү “дерзко – дерзко” басып, башы жер карабай, албетте эри түзүк болсо, калканым бар. Ким не десе десин, каалаган богун жесин дейт! Эрден чыккандар баягыдай куйругун көтөрүп, сүткө тойгон мышыктай баспай калат. Жер карап, чүнчүп, батына албай. Эркектин баары “бойдок ” десе эле шилекейи агып, бош, ээн жаткан гараждай көрүп, өлүп – талып унаасын короосуна  токтоткусу келип, кебек аңдыган чычкандай, баскан турганы керемет көрүнүп, сүйүүсүн арнап калат.  Калтардай кубулуп, самындай жуулуп эмне эле барктанып атасың деп Ден соолугуңа кам көрүмүш этип…иттин гана баласы!

Аны байкаган аялдары сен келатканда ” опасность ” деген кнопкасы күйүп, эрин гаражыңа киргизип алгансып, акырайып, жек көрүп, жеп ийчүдөй. ..өзүнөн өзү тердеп – кургап, эринин көзү менен кокус чалдыга калсаң, өлтүрүп салчудай аңдып отурат. Түндөсү үшүйсүң. Тоңуп калганда эки бутуңду аралатып салып ийчү жер жок тоңосуң! Коколой башың менен жашоонун шамаалын, жамгырын, бороонун тозосуң! Болгон ыпыр – сыпырдын баары эле сага чап жабышат! Эриң барда билинбеген иттин баштары, бойдок кезиңде бөдөнө тумшук болсо да тоодой болуп көрүнүп калат! Анан “бойдок” деген сөз “клеймо” болуп жабышып алат экен. Ошол сөз жакса өлөйүн! Аны укканда эркектердин көзү күйүп, куйрукту түйүп, тегеренип калганы да ирээнжитет. Алардын “намёгу” башталганда аллергияң кармап, жешилип калгыча тырманып, приступ боло баштайсың. Өлүп баратабы деген ой келет. Тобо кылдым!”,-деди Айтбекова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: