Menu

Ырчы Анжелика: “Мен Садыр байкени буга чейин деле атасы, уулу өткөндө кейип, колдоп келгем. Садыр байке, жаштардан Эркин менен Тилекти жаныңызга алыңыз”

Бөлүшүү:

“Мен Садыр байке тууралуу айтсам, буга чейин деле атасы, уулу өткөндө кейип, эркиндикке чыгарып коюшса го деп күйүп, колдоп келгем. Садыр байке, жаштардан Эркин менен Тилекти жаныңызга алыңыз”. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда ырчы Анжелика Инстаграм баракчасында билдирди.

“Урматтуу катталуучуларым! Биригүүгө чакыралы. Элди кыйнабаңыздар. Бир кресло үчүн бөлбөңүздөр. Ар бирибиз келечекти ойлосок булардын чогуу иш алып баруусун сураналы. Элде тынчтык ошондо гана болот.
Саясат тууралуу акыркы постумду колдоп бериңиздер. Кыргыз бирик.

Мен Садыр байке тууралуу айтсам, буга чейин деле атасы, уулу өткөндө кейип, эркиндикке чыгарып коюшса го деп күйүп, колдоп келгем, керек болсо эки ай мурун анын айылына барып, бир тууганына жолугуп, сүйлөшүп, өлкөдөгү кырдаалга чогуу кейип, пандемияда даарыларды туулган айылына таштагам. Түрмөдөн чыгып, элибизге кызмат кылса деген ой менде дагы бар эле, үйдөн айтып отургандарымды атам көп укту, жакындарым билет.

Ал эми күчтүү программасы бар партияны тандап, колдогонумдун себеби, мага Өмүрбек Токтогуловичтин дагы элге кайрымдуу болгону. Партиядагы ыктыярчылар себеп. Ооба. Ал тандоомдон дагы кайтпайм. Сиздердей эле мен : “Элим деген активдүү, духу бар” мыкталарды гана колдойм. Кудайымдын буйруганы болот. Тагдырыбызга жазылганды көрөбүз. Сабыр кылалы.

Садыр Байке, жаштардан Эркин менен Тилекти жаныңызга алыңыз. Эркин Асрандиев, Нуржигит Кадырбековту дагы колдомокмун”, – деди Анжелика.

https://www.instagram.com/p/CGHQCJWlAiC/?igshid=1eggkunzeb5kb

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: