Өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыров бозгун болуп жүрүп да тынч жатпай, өзүн акмын деп кыргыз бийлигинен кордук көргөн өзбек улутунун лидери катары кыргыз бийлигин дүйнө жүзүнө мокочо кылып көрсөтүп келет. Биздин күч органдарыбыз унчукпай олтурат. Кыргыз-өзбек элинин ортосуна от жаккан Батыровду кармай албаган органдарга кандай баа берсек болот?
– Бийликтин эң чоң чыккынчылыгы — Батыровту өздөрү даңазалап, ага эң чоң реклама кылгандары! Эми ойлоп көрсөңүз, БУУнун эң бийик трибунасынан Батыровдун атын атоого кандай муктаждык бар эле? Эл аралык парламенттердин ассамблеяларына ага даттануунун эмне кереги бар? Азыр Кадыржан биздин көк мээлердин чыккынчылыгынан кийин мурункудан да ого беш бетер сый күтүп, баардык ММКларга, чет өлкөлөрдүн башкаларды кыдырып, өзүнчө эле эң чоң саясый жылдызга айланды. Кайсы мамлекет БУУнун трибунасынан кайдагы бир кылмышкер деп эсептелген душманын атынан атайт? Жалгыз гана азыркы биздин жетекчиликтин терең компетентсиздигинен дүйнөнүн шылдыңына айланган биз. Эч кандай авторитети жок Атамбаевдин бийлигинин азыркы күнү дүйнөлүк аренада! Шерменде десек да аз болот, Чыккынчылык!
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ