Menu

Кундуз Жолдубаева, КСДПнын өкүлү: “Ханды кордобойт” деген сөз бар кыргызда. Сооронбай Жээнбековдун тагдыры деле сабак…”

Бөлүшүү:

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эл алдында “ден-соолугум начар” деп эч качан арызданбайт. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.

“Бирок анын жүзүн карап ооруп жатканын билүүгө болот. Кан басымы төмөн, радикулит, коронавирустан кийин бронхит оорусу күчөп кетти. Бирок сот бул жагдайларды эске алган жок жана Алмазбек Атамбаевди дарыгерлердин көзөмөлүндө турган №47 колониядан кайра УКМКнын СИЗОсуна которуу жөнүндө чечим чыгарды” – дейт ал.

“Алмазбек Атамбаевге эркиндик! Эмне үчүн ушунчалык кекчилсиңер? “Ханды кордобойт” деген сөз бар кыргызда. Сооронбай Жээнбековдун тагдыры деле сабак…”, – деп жазган Жолдубаева.

Белгилей кетсек, кечээ, 23-декабрда Алмазбек Атамбаев сот отурумуна алынып келинген. Буга чейинки отурумдарга ден-соолугуна байланыштуу келе алган эмес.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: