Кечээ, 19-февралда Ноокат райондук электр станциясынын жооптуу кызматкери С.М. жана «Ошэлектро» ААК текшерүү жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору П.А. 50 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, аталган кызматкерлер Ноокат районунун жашоочусу Т.Б. электр энергиясын уурдаган деп андан 283 миң сом өлчөмүндө пара талап кылышкан.
Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренесинин 1-б. (кызматчынын мыйзамсыз сыйакы алуусу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Тергөө жүрүп жатат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ