Menu

Бердымухамедов камактагы 800дөн ашык кишиге ырайым берди

Бөлүшүү:
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнүн Эгемендик күнүнө карата камактагы 800дөн ашык адамга ырайым берди. Мамлекет башчы тиешелүү жарлыкка кечээ, 24-сентябрда кол койду.
Ага ылайык, 815 киши эркиндикке чыгып, белгилүү бир аймакта жашоо сыяктуу кошумча жазаларынан бошотулат. Мунапыска илингендердин арасында үч чет өлкөлүк жаран бар.
Түркмөнстанда президент түрдүү майрамдарга карата абактагы адамдарга ырайым берип келет. Акыркы жолу Бердымухамедов Кадыр түндүн алдында 1 400 кишиге мунапыс жарыялаган.
Бирок саясий жана диний негиздер менен камалган жүздөгөн адам президенттин мунапыстары менен эркиндикке чыга элек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: