Menu

Өзбекстандагы алгачкы жеке банктын негиздөөчүсү эркиндикке чыкты

Бөлүшүү:

Өзбекстандагы алгачкы жеке банк — «Рустамбанктын» мурдагы ээси, 69 жаштагы Рустам Усманов 19 жыл абакта отургандан кийин эркиндикке чыкты. Ишкер 1998-жылдын октябрында экономикалык кылмыштарга айыпталып 14 жылга соттолгон. 2012-жылы бийлик анын камактагы мөөнөтүн дагы 5 жылга узарткан.

Усмановдун туугандарынын айтымдарында, ал абактан жаза мөөнөтүнүн аяктагандыгына байланыштуу 13-февралда чыккан. Учурда анын абалы анча жакшы эмес, Ташкентте амбулаториялык шарттарда дарыланууда.

1948-жылы Кыргызстандын Жалал-Абад шаарында туулган экономист Рустам Усманов кайра куруу жылдарында ишкерлик менен алектенип баштаган. Өзбекстандагы эң ийгиликтүү банктардын бири эсептелген «Рустамбанкты» ал 1992-жылы негиздеген. Көп өтпөй банк жабылып, ээси өлкө президенти Ислам Каримовдун каарына калган.

1998-жылы октябрда Анжиян облустук соту Рустам Усмановду алдамчылыкка, чет өлкөлүк валютаны мыйзамсыз сатууга жана сатып алууга айыптап 14 жылга эркинен ажыраткан. Анын туугандары менен укук коргоочулар Усмановду саясий куугунтуктун туткуну деп атап келишкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: