Menu

Советтер союзунун баатырларынын ысымын кыргыз аскер бөлүктөрүнө ыйгаруу сунушталды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушта эрдик көрсөтүп, Советтер Союзунун баатыры жогорку наамына татыган кыргызстандык 73 баатырдын ысымын Кыргызстандагы аскер бөлүктөрүнө ыйгарууну сунуштады.

Депутат: “Быйыл биз Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдык мааракесин белгилегени турабыз. 9-май кыргыз элинде көптөгөн тарыхый күндөрдүн бири эле эмес, каармандыктын, элибиздин тайманбас эрдигинин символу катары жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам катышып, алардын ичинен 73 жараныбыз согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн Советтер Союзунун баатыры наамына ээ болушкан. Быйыл 75 жылдык мааракени: мамлекеттик деңгээлде белгилөө боюнча президентибиз Сооронбай Шариповичтин жарлыгы чыккан. Ал иш-чараларды өткөрүү негизинен КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабына жүктөлгөн. Эрдик көрсөткөн ата-бабаларыбыздын атын түбөлүккө эсибизде калтыруу жана жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоо максатында, ушул 75 жылдык мааракенин алкагында ар биринин ысымдарын Кыргызстандагы аскер бөлүктөрүнө ыйгарууну сунуштайт элем. Өкмөттүн өкүлү Алмаз Акунжанович ушул сунушту жазып алып, мага маалымат берип койсуңуздар” – деди.

Депутаттын бул сунушу колдоого ала турган мыкты сунуштардын бири десек жаңылбайбыз. Анткени, акыркы жылдары, өзгөчө жаш муундарыбыз Улуу Ата Мекендик согуштун жалпы тарыхын, анын ичинде Кыргызстандын ролу, кошкон салымы кандай болгонун такыр билбей баратышат. Ал эми Сыдыгалиев айткан 73 баатырдын ысымдарын, эрдиктерин билбегендер да четтен кездешет. Андыктан, баатырлардын ысымын мекенди кайтарган аскер бөлүктөрүнө ыйгаруу – бул мезгилдин талабы. Эске сала кетсек, буга чейин Куралдуу күчтөрдүн Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбековдун ысымы борбор шаардагы Аскер институтуна ыйгарылса, дагы бир Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асановдун ысымы Бишкектеги кыргыз улуттук аскер лицейине берилген.

Төмөндө Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болушкан жердештерибиздин ысымдары:

1. Азимов Розы

2. Акуционок Пётр Антонович

3. Али-Назаров Садык

4. Ананьев Николай Яковлевич

5. Андреев Николай Тимофеевич

6. Асаналиев Жумаш

7. Асанов Дайыр

8. Афанасьев Михаил Денисович

9. Бабкин Михаил Николаевич

10. Бегелдинов Талгат Якубекович

11. Беляндра Василий Яковлевич

12. Вонахун Мансуз

13. Волковенко Афанасий Иванович

14. Дүйшөнкул, Якубов (жакыпов) Осмон.

15. Выглазов Григорий Исаевич

16. Гавриш Иван Фомич

17. Гадельшин Хамит Габдуллович

18. Гришин Иван Александрович

19. Дмитриев Николай Михайлович

20. Добробабин Иван Евстафьевич

21. Жаркымбаев Казак

22. Жумабаев Ташмамат

23. Зверев Николай Александрович

24. Исламов Юрий Берикович

25. Кайкин Василий Матвеевич

26. Калашников Николай Семёнович

27. Колесников Пётр Федосеевич

28. Конкин Григорий Ефимович

29. Красильников Иван Павлович

30. Кривощёков Алексей Александрович

31. Крикун Василий Гаврилович

32. Курочкин Ефрем Георгиевич

33. Лутфуллин Сульги

34. Ляшенко Николай Григорьевич

35. Мазков Евдоким Константинович

36. Мирошниченко Николай Прокофьевич

37. Михайленко Евгений Ефимович

38. Москаленкй Иван Васильевич

39. Немцев Иван Спиридонович

40. Николаенко Павел Фёдорович

41. Овчаров Степан Семёнович

42. Оторбаев Асанбек

43. Пантелеев Гавриил Фролович

44. Панфилов Дмитрий Иванович

45. Панфилов Иван Васильевич

46. Пасько Евдокия Борисовна

47. Петренко Григорий Алексеевич

48. Петрищев Василий Петрович

49. Пичугин Дмитрий Николаевич

50. Пономарёв Иван Семёнович

51. Пономарёв Павел Сергеевич

52. Решетник Иван Семёнович

53. Роденко Константин Герасимович

54. Романютин Александр Иванович

55. Рудь Николай Михайлович

56. Садыков Самат

57. Сапожников Михаил Григорьёвич

58. Свечников Павел Семёнович

59. Степаненко Василий Васильевич

60. Сухин Семён Захарович

61. Сухов Василий Иванович

62. Сущев Степан Захарович

63. Тайгараев Тукубай

64. Таранчиев Ысмайылбек

65. Тешебаев Мамасалы

66. Титов Андрей Алексеевич

67. Тихонов Григорий Матвеевич

68. Трясин Ерминингельд Васильевич

69. Түлөбердиев Чолпонбай

70. Үсөнбеков Калыйнур

71. Фуковский Александр Васильевич

72. Хименко Андрей Максимович

73. Царенко Лаврентий Иванович

74. Цинделис Берелис Израилевич

75.Чортеков Анварбек

76. Шемякин Григорий Мелентьевич

77. Шопоков Дүйшөнкул

Булак: “Багыт”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: