Menu

Маасымбүбү ЭЛГОНДУ кызы: “Жолдошум Арыпбек менен уулум Рахаттын өлүмдөрүнө кезегинде Кулов менен Баекова салкын мамиле кылып коюшкан”

Бөлүшүү:

Алгы сөз ордуна

Бул жолку маектешим менин жакын чоң энелеримдин бири болот. Тээ 1990-1991-жылдары жаштыгына карабай Кудай Таалам ыроологон касиеттүү табыпчылык өнөрү менен жылдыз сымал жылт эте эл арасында кыска аралыкта дүбүртү катуу чыгып, 27 жашында канкорлордун колунан каза тапкан Рахат Арыпбек уулу менен 2010-жылдагы 7-апрель кандуу окуясында абийирсиз бийликке каршы жаалданган элди баштап, жалтанбай окко төшүн тосуп, бакиевдердин огунан мерт кеткен Баястанбек Дөөталиевди жарык дүйнөгө алып келген эне – азыркы менин маектешим. Бул сапар гезитке ыроолончу дал ушул макаламды күлгүндөй жаш курактарында душмандар тарабынан дүйнө салышкан Рахат, Баястанбектей агаларымдын, алардын атасы Арыпбек атабыздын жаркын элестерине арноо менен маркумдардын элесин эскерүү максатында Маасымбүбү чоң энем менен баарлашып кайттым.

 “Жети бала төрөп, анын бешөөнөн ажырап калдым”

— Мен 1937-жылы Кочкор районунун Ак-Учук айылында туулгам. Учурда 81 жаштамын. Бешке чыккыча эле ата-энем кайтыш болуп, чиедей төрт кыз калыптырбыз. Ата-энем тирүү кезинде бир эркек бир тууганыбыз кичинесинде эле чарчап калган экен. Мени кичинемде эле Кочкордогу балдар үйүнө тапшырышып, андан соң андагы Фрунзедеги Крупская атындагы балдар үйүнө алып келишиптир. Ошол жерден 7-классыма чейин тарбия алып, андан соң №20 орус мектепте окуп, кийин №5 мектепке которушуп, окуумду ошол жайдан аяктадым. Мектепти аяктаган соң кооперативдик техникумга тапшырып, аны ийгиликтүү аяктап, Кочкорго барып айылдан иштеп калдым. Ошол жерден жолдошум Арыпбек Дөөталиевге жолугуп, буйрук экен 1959-жылы баш коштук. Арыпбек экөөбүз үч эркек, төрт кыздуу болуп, жалпы жети баланын ата-энеси болдук. Ошол жетөөнүн бешөө бул жарыкчылыктан өтүп кетишти. Бир эркек, бир кызыбыз кичинесинен чарчап калышса, эки уулум Рахат менен Баястанбегим канкорлордун колунан, Дамира кызым жол кырсыгынан бул жарыкчылык менен коштошуп кете беришти.

 “Рахат балам боюмда кезимде эле Жараткандан аян келген”

— Эсимде, балдарымдын ичинен Рахат уулум боюмда кезимде адаттан тыш түш көрүп, аян алгам десем болот. Түшүмдө үч карышкыр ата конушубуз Жаңы-Алыш аймагына түшүп, элдин баары аларга даап бара албай коёт. Ошондо кайнатам мага келип, “балам, барып карышкырларды кармасаң сага карматышат, анан элден бата аласың” деп жатыптыр. Барсам чын эле баягы үч карышкыр мага карматат. Ошондо мага ошол жердеги түгөл журт чурулдашып, кадимкидей бата беришет. Мага келген биринчи аян ушул. Экинчиси Рахатым төрөлгөндөн кийин болду. Жайдын күнү Рахатымды күн жылуу болгондуктан бешикке бөлөп, тыштагы эшиктин алдындагы салкын жерге коюп койгонбуз. Бир убакта кыңкыстаганынан барып чечип, эмизейин десем балам бир башкача жупжумшак болуп, көлкүлдөп калыптыр. Көрөр замат эсим чыгып, дароо жолдошум Арыпбекке чуркап барып, ыйлап ийдим. Качан гана экөөлөп кайнатабызды чакырып, ал киши дем салганда Рахатым калыбына келди. Дагы бир күнү балам 5тен 6га караган убагы болчу. Балдар менен сайга сууга түшүп ойногону ээрчип кеткен. Анан эле бир убакта “артыман жылаан кубалап келе жатат” деп кыйкырып, тимеле ушундай катуу безилдеп чуркап келди. Кайнатам, кайненем болуп баарыбыз үнүн угар замат алдынан тосуп чуркап чыктык. “Кана-кана” деп эле баарылап сурасак, “мени кууп келип, чөп тамга кирип кетти” деп калды. Барсак жок. Кийин кадимкидей билип, сезе баштадык, Рахатымды ак азис (жылаан) жандап, дайыма жанында жатчу. Мунусу менин да көзүмө көрүнчү.

“Чынында Рахаттын касиети өтө күчтүү болчу”

— Ошентип, 26-27 жашында 1990-1991-жылдары Рахат табыпчылык кылып, эл көрө баштады. Балам кыска аралыкта эле Кудай Таалам ыроологон касиети менен узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына аты чыгып кетти. Эки жылдын ичинде кадимкидей касиети менен көпчүлүктүн көңүл борборунан орун алды. Анын биз билген да, билбеген да көп касиеттери бар эле. Өзү айткандай “бул касиеттер мени менен кетиши керек, мунумду эч кимге айтууга да мүмкүн эмес” дечү. Бир ирет уулум Бишкектен айылга баратып, Кочкордун борборундагы Алмаз аттуу көзү ачык теңтушунун үйүнө кайрылып калат. Ал жерден Алмазга “сууну эритип тоңдур, мен үйдүн үстүнө бычакты айландырам, сен ошону карма” деп тапшырма сыяктуу берген го. Ал көзү ачык теңтушу Рахаттын тапшырмасын аткара албай койгондо, балам өзү сууну дем салуу менен тоңдуруп, кайра эритип коёт. Бир ирет жакын теңтуштары менен Кочкордон шаарга аттанат. Жолго чыкканда жанындагы досу “Рахат, токтоп тамеки алып алалычы” деп кайрылса, “коё тур, жолдон таап берем” деп сапарын улайт. Жолдошунун “жолдо жок, тамеки чеккендин баркын билбесең каяктан  тапмак элең” деп чыйпыйы чыккан го. Кочкордон чыккан соң Кубакынын белиндеги эски бейиттерге Куран окуу үчүн токтошот. Рахаттар жолдон бир топ узап, Куран окуп жатканда жол боюна кайдан-жайдан бир кызыл унаа токтоп, түз эле Куран окуп жаткандарды көздөй басышат. Качан гана Рахаттар өйдө туруп, машинага карай басканда баягы жигиттер келип, “байкелер, жаңы эле тамеки сураган силерсиңерби?” деп тамеки таштап кетишет. Ошондо баягы тамеки сураган досу Рахаттын касиетине катуу таңданганын кийин да айтып жүрдү. Дагы бир ирет Рахат Жумгалдагы катуу дартка чалдыккан бейтапты көргөнү жолго чыгат. Жолдон Ак-Учук айылынанбы, айтор, өйдөдөн ылдый карай агып жаткан суунун жээгине токтоп, “мен ылдый карай агып жаткан сууну касида окуп, өйдө карай агызам. Мен дуба окуп жатканда силер жүзүмдү бет аарчы менен аарчып тургула” деп окуй баштайт. Ошондо жанындагылардын таңдануу менен айтканына кулак түрсөк, Рахат дуба окуганда суу кадимкидей өйдө карай акканын көрүп, анын эбегейсиз касиетин бизге айтып беришкени бар. Дегеле кулунумдун биз билип-билбеген көптөгөн касиеттери бар болчу. Көрсө Рахатыма ыроолонгон касиет табигый өзүнө берилген энчи экен. Табыпчылыгы менен элге алынганына үч жылга жакындап кадам таштаганда касиет жылоологон  кагылайын кулунумду канкорлор түбүнө жетип коюшту. Өлөрүнө аз калганда эле кабылдамасында кезек күткөндөрдүн саны 1400 кишиге жетиптир. Кийин муну өзүнөн сакайган бейтаптар менен өздүк журналы аркылуу билдик. Бишкектин Кубанский көчөсүндө элди дарылап турду. Эки жылга чамалаган мезгил ичинде колунан кандай гана дарттарга кабылгандар, медицинадан ылаажы болбогондор, жашоодон түңүлгөндөр дарыланып, куландан соо сакайып кетип турушту. Андайлардын саны оголе көп болчу. Ошол жерден да көрө албагандар Рахат турган ал үйгө кадимки баллонду ыргытышып, кулунумду күм-жам кылганга аракет кылышкан экен. Анда Кудайдын барманы менен аман калган эле. Ошол маалдарда Рахат баш калаадагы Шопоков көчөсүнөн өздүк бейтапкана ачып, өзүнө көрүнгөн бейтаптар жата турган койкаларынан өйдө баарын даярдап, 20-сентябрда ачылышы күтүлүп жатканда каргыш тийген канкорлор ага жеткирбей, 1991-жылдын 13-сентябрында көзүн тазалаганга жетишишти.

“Касиет ага Калыгул олуя менен Думана акебизден жуккан”  

— Уулум Рахатка Жараткандан ыроолонгон өзгөчө касиет Калыгул олуя менен Рахаттын чоң аталарынан болгон, Кочкор өрөөнүндөгү алгачкылардан “Аке” атка арзыган касиеттүү Думана акебизден (Алымбек уулу Козубек) жукканбы деп ойлой берем. Себеби, ушул эки касиеттүү аталарыбыз Рахаттын түшүнө көп кирип, Думана акебиз өзүнүн аса-муса таягын карматчу экен. Кээде Рахатым кыйналганда, түнү менен туруп алып айылдын үстүндөгү Думана акебиздин бейитине Куран окуганы кетип калчу. Үйүбүздө аса-муса таягы турчу. Бирок, аны кимден, каяктан алып келгенин билбейм. Кийин Рахат көз жумганда ошол аса-муса таягы да жок болуп кетти. Эмне болуп жоголгонун да билбей калдык.

 “Анын колунан атактуулар да дарыланып, сакайып кетишчү”

— Башта айтпадымбы, Рахатым 26 жашында эле касиети менен калың элдин оозуна илингенин. Анын колунан миңдеген карапайым адамдар гана эмес, эл көзүндөгү атактуу инсандар да сакайып турушкан. Азыр картайып, көбүнүн ысымын унутуп калдым. Коңшу Казакстан, Өзбекстан баштаган өлкөлөрдөн бейтаптар келип көрүнүп турушчу. Кадимки тележурналист Байма Сутенова деген кесиптеш эжеңди билесиң да? Ошол Байма бутунан кулгуна дартына чалдыгып, акыры Рахаттан ылаажы болуп, сакайып чыккан. Өз кезегинде Байма Рахатымды теледен көрсөтүп турду. Көзү өткөндөн кийин да унутпай келип, Куран окутуп кеткен. Өзүн эле эмес, эжесин, жездесин дарылаптыр. Баламдын колунан куландан соо сакайып кеткен көп эле атактуулар болду. Азыр картайып калдым, көбүн эстей албайм калдым.

 Ата-баланын бир күндө тапкан сырдуу өлүмдөрү

— Каргашалуу күнгө эки күн калганда жолдошум Арыпбек ооруканага жатып, операция болуп калды. Операциясы ийгиликтүү аяктаган соң Арыпбекке эки жигит келип, “уулуңуз Рахат ушул дарыны берип жиберди” деп бөтөлкөгө куюлган суюктукпу, айтор, бир нерсе берип кетишиптир. Жолдошум “ичпейм, дарыгерлер ичпе дешкен” десе, тиги эки жигит “Рахат атайын берип жатса ичиңиз, балаңыздын бергени дары болот да” дешкенде ичип жибериптир. Ошону ичип жибергенден кийин эле Арыпбектин абалы жакшы болбой калган экен. Муну кийин жанында жаткан бир жигит айтып берди. Дал ошол күнү Рахатымды да көркоолор артынан сары изине түшүшүп, Бишкектеги “Ала-Тоо” мейманканасынын ичинен кол салып, ажалга мойнун сундуруп кетишкен экен. Мен ойлойм, ошондо баягы эки жигит уу кошулган бир нерсени жолдошума берип кетишкенби деп. Анткени, алар Рахатымдын көзүн тазалашкан соң атасынын да көзүн тазалайлы, болбосо бул киши тирүү турса артыбыздан сая түшүп, бизди кылтакка илет дешсе керек.

 Шылтоодон-шылтоого өткөн тергөө амалдары

— Эки бирдей асылымдан бир күндө айрылып калган соң кыздарым тергөөнүн артынан түшүп, кылмышкерлерди табууга бар аракетибизди кылдык. Рахатымдын өлүмүнөн соң анын эмнеден улам каза тапкандыгын изилдөө үчүн анализин Алматыга жөнөтүп, ал жактан “ууландырып өлтүрүлгөн” деген жыйынтык менен чыгып келди. Көрсө, канкорлор Рахатыма жалгыздап кол сала алышпаса керек. Анткени, кулунум кичинесинен 4-класстан тарта спорт мектебинен окуп, эркин күрөш боюнча спорттун чебери болчу. Ереван баштаган чет өлкөлөргө чейин олимпиадаларга катышып, бир катар жеңиш менен кайткан күндөрү болгон. Кийин ошол мейманкананын оозунда иштеген аял да мындай оюбузду бекемдеп, “мейманканага жакшынакай эле кирген, бир убакта “жардам бергиле, мени өлтүрүп жатышат” деп кыйкырган үн чыкканынан барсак ошол бөлмөдө кармашышкан экен” деди. Көрсө баламды баарылап кармап, кежигесине ийне сайып өлтүрүшүптүр. Кийин Рахаттын сөөгүн жуугандар да анын акыркы кийип жүргөн ак көйнөгүнүн жакасы гана кан болуп калгандыгын, кежигесинде темененин көзүндөй тешик бар экендигин байкашыптыр. Окуя болгондон кийин кылмыш ишин Россиядан бүтүп келген орус тергөөчү козгоп, өз көзөмөлүнө алып “кылмышкерлер бир айдын ичинде табылат” деп айтат. Анын айткан убактысында кылмышкерлерден дайын жок. Көрсө аны да коркутушкан экен, бир айдын ичинде өз өлкөсүнө түнү менен качып чыгып кеткенге мажбур болуптур. Андан соң ишти бир кыргыз жигит колго алып, “бул татаал иш, бирок мен кылмышкерлерди табам” дегени менен ал деле тапкан жок. Акыры айлабыз кетип кадимки Чолпон Баекова менен андагы ИИМ жетекчиси Феликс Куловго кыздарым киришиптир. Баекова иштин жайын уккан соң “жалгыз иниң бар экен, ошол иниңе мындан ары да залалы тийбесин, мындайлар боло берет, душмандары көп болуп кеткенде. Андан көрө тынч эле калгыла” деп айткан экен. Буга чыдабаган кызым “кантип жөн калабыз, эки бирдей адамыбыздан айрылып жатсак” десе Баекова кебелбестен “анда каалаган жериңерге баргыла” дегендей кылат. Мындан соң Феликс Куловго киришсе “балаңарды көзү ачыктар өлтүрүп койгон го, ким билет?” деп ийинин куушуруп койгон экен. Укук коргоо органдарынын башчылары өздөрү ошентип жатышса, анан кантип канкорлор табылсын?

 “Рахатты Манас атанын Кумайыгы ээрчип жүрчү”

— Жолдошум Арыпбек менен уулум Рахаттын өлүмдөрү ачыктан-ачык буюртма болгон. Эне катары да муну жүрөгүм менен сезем. Кезегинде биздин өрөөнгө аты чыккан Ашыр төлгөчү деген мага жакын аталарыбыз болот. Акыры айлабыз кетип Ашыр атама да кыздарым барышат. Ошондо төлгөчү атабыз көзүнүн жашын чуурутуп “ай, кайран гана бала, бөөдө жайлашкан экен. Рахатты Манастын Кумайыгы ээрчип жүрчү, тирүү турса далайлардын сообуна калмак. Азыр карып, көзүм жакшы көрбөй калды. Мурункудай жаш болсом Рахат менен атасын өлтүргөндөрдү айтып бермекмин. Ата-баланын өлүмүнө айылыңардан үч киши катышкан. Душмандын колуна ушул үч киши аркылуу түшүп калган” деген тура. Рахатым касиети менен катуу чыгып, элди дарылай баштаганда ага илимий ишин жактап жаткан күчтүү эле бир дарыгер барган экен. Ошол дарыгер баламдан “иним, ракты эмне менен дарылап, айыктырасың?” деп сураса Рахат “байке, мен аны сизге айта албайм, бул мага берилген табигый сыр, ал мени менен гана кошо кетет” деп айтуудан баш тартканын укканыбыз бар. Негизи эле Рахатым көп сырларды билген. Кудай Тааламдан берилген ошондой касиетин көрө албаган көркоолор акыры өмүрүн жалмап тынышты.

 Өкүттө кеткен өмүрлөр… 

— Ошентип, эл агартуунун отличниги, дасыккан педагог, өз ишинин профессионалы болгон өмүрлүк жолдошум Арыпбектен 58 жашында, асылым Рахаттан 27 жашында экөөнөн бир күндө айрылсак, көкүрөк күчүгүбүз Баястандан 38 жашында ажырап калдык. Кичүү уулум да 2010-жылдагы 7-апрель окуясында Бакиевдердин кандуу бийлигине каршы эл менен бирге аттанып, өз элине ок аткан залим падышанын зулумдугунан окко учту. Баястанбегим да табиятынан эр жүрөк, хандан, бектен кайра тартпаган тайбас мүнөзү бар болчу. Дал ошол каргашалуу 7-апрелде анын жаалданган элдин астында көч баштап, милиционерлер менен кагылышкан элди арачалап жүргөнүн кийин сүрөттөрдөн, видеолордон көрдүк. Башта эки асылымдан канкорлордун айынан ажырап калсак, кийин ага Баястанбегим да кошулуп, көркоолор үчүнчү адамымдан да ажыратып кетишти. Өкүнүчтүүсү, ошол чырактарымдан ажыраткан колу кан канкорлордун бириси да кармалбай, жазасыз калгандарында. Айла канча, биз аларды Кудайга койдук. Алла Таалам бул дүйнөдөн жазасын бербесе, акыретте аларга сөзсүз жазасын берет. Колу кан канкорлор эртели-кеч жазасын алат. Алла Таалам баардыгын таразалайт. Ошентип, үчөө тең бул өмүрдөн эрте узап, кайран өмүрлөр өкүттө кетти… Кээде куру дегенде ушул үчөөнүн бирөөсү калып мага топурак салса эмне деп ый-ызага муунуп, ыйлайм.

 “Балдарымдын ысымын берүүгө демилге көтөрүлгөнү менен идея ишке ашкан жок”

— Балдарымдын ысымдары бир жерлерге берилип калса деп жакшы эле тилек кылдым. Сырттан үйүбүзгө Куран окутуп келгендер, ошол эле депутаттар баш болушуп балдарымдын аттары айылдагы бир көчөгө ыроолонсо деп демилге көтөрүп эле жатышты. Бирок, айтылган идеялары ишке ашкан жок. Баястанбегимдин элесин түбөлүккө калтыруу үчүн өзү окуган Дөң-Алыш айылыбыздагы К.Мамбеталиев атындагы орто мектептин “Эрдик залынын” бир бөлүгүнө уулумдун мугалими, белгилүү акын Өзүбек Абдыкалыковдун идеясы менен Баястанбегимдин эрдиги жаш муундарга үлгү болсун деген максатта атайын бурч уюштурулду. Ал бурчка кеткен каражат жагын өзүбүз колго алдык. Мунусуна да рахмат. Ал эми Рахатымдын колунан сакайып, ден соолугунан ылаажы тапкан миңдеген тургундар анын ысымы куру дегенде Бишкектеги өзү бейтаптарды дарылаган Кубанская көчөсүнө берилсе деп демилге көтөрүшүп, гезиттерге чейин жазышып, тиешелүү жерлерге маалымат каражаттары аркылуу кайрылуу да кылып көрүштү. Негедир көпчүлүктүн сунушуна тиешелүү бийлик төбөлдөрү жооп беришкен жок окшойт.

 “Асылдарымдын бейитине келип Куран окугандардын катары ушул кезге чейин үзүлбөйт”

— Азыр уул-кыздарымдан, өзгөчө Баястанбегимден калган неберелеримди эш тутуп жашайм. Арыпбегим менен Рахатым 1991-жылы 13-сентябрда каза табышып, сөөктөрү 18-сентябрда бир күнү жерге берилген да, экөө чогуу, жанаша коюлган. Аларга арналып, түбөлүк турсун деп тургузулган күмбөзгө ушул кезге чейин келип Куран окуп кеткендер бар. Көзү өткөндө өлкөбүздүн булуң-бурчтарынан, өзгөчө тээ Өзбекстан, Казакстандан бери келишип, зыярат кылышып, элестерине Куран окуп кеткендер байма-бай болуп турду. Баястанбегим да атасы менен агасы жаткан жайга жакын жанаша жерге берилген. Эл-журт, таанып-билгендер азыр да асылдарымдын бейитине, үйгө чейин келип Куран окуп турушат. Өзүм да ар таңда намазга турган сайын аларга багыштап Куранымды окуйм. Жараткан Аллам асылдарымдын жаткан жерлерин жайлуу, топурактарын торко, ыймандарын жолдош кылып, бейишинен насип этишин тиленем. Баястанбегим дайыма учуп жүргөндөй сезилет. Калыгул, сага да рахмат берекем. Арыпбек атаң менен агаларыңдын жаркын элестерин эскерип, туугандык кылып боор тартып, гезитке жазып жатканың үчүн. Асылдарымдын рухтары сага да ыраазы болгон болсун! Жолуң ачылсын, алтыным!

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ         

Булак: Азия Ньюс     

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: