Белгисиз кылмышкерлер И.С. аттуу жаранды кармап алышып, Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирине алып келишип, күч менен кармап, ур-токмокко алып, акча талап кылышкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИБси билдирди.
4-октябрда борбордук милиция бөлүмүнө И.С. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Айтканы боюнча аны 4-октябрда кечки 16.00дөн 21.00гө чейин белгисиз бирөөлөр күч менен үйдө кармап, ур-токмокко алып, бычак, курал менен коркутуп жатып 3 миң доллар акчасын алып коюшкан.
Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестирине киргизилип, Кылмыш кодексинин 202-беренеси “Талоончулук” боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Милиция тез эле аталган даректи тактап, болжол менен түнкү 23.00дөрдө аталган үйдө тинтүү жүргүзүшкөн. Бирок шектелген адам каршылык көрсөтүп, бычак менен тап берип жатканда, милиция кызматкерлери колун толгоп, камакка алышты.
Тинтүү учурунда төмөнкүлөр табылган: желим кармагычы бар аш бычак, 9 мм калибриндеги “УЗИ” ок чыгарган куралы, тапталган чөп – 2 брикет, күрөң түстөгү чөптөр, кара-күрөң түстөгү чөптөр, араб тилиндеги китептер (экстремисттик маанидеги) ж.б., ошондой эле А.И. менен К.М.га тиешелүү жарандык паспорттор табылган.
Азыр кылмышка шектүүлөр убактылуу кармалуучу жайда. Тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ