Menu

Өмүрбек Бабанов 4 сааттык сурактан аман чыкты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-августта экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финполиция) саат 15:00.гө суракка чакырылып, 4 сааттан ашык сурак берди.

Сурактан чыккан Бабанов “Финполицияга мени экономикалык маселе боюнча – “Кыргызстан” банкынын акциялары боюнча чакырышыптыр, 4 сааттан ашык сурак бердим. Анан жаңы кылмыш-процессуалдык кодекси боюнча тергөөнүн сырларын ачпоого милдеттенип, тергөөчүлөргө тил кат жазып бердим. Ошондуктан эч нерсе айта албайм.  Ал эми эртең саат 15:00гө УКМКга саясый маселе – Он-Адыр боюнча чакырышкан. Эртең ал жакка суракка барам. Мен эки иш боюнча тең өзүмдүн актыгымды далилдейм. Мен 1 жыл 9 ай сыртта жүрдүм, ошондуктан баарына даярмын. Тергөөчүлөргө ыракмат аябай сылык мамиле жасап жатышат. Бийлик менен сүйлөшкөн эмесмин, эгер сүйлөшүп алсам мени ушинтип суракка чакырып, кыйнашмак беле? Атамбаев тууралу сөздү кийин айтам. Ал эми Кундуз Жолдубаеваны тааныбайм, көргөн да, жолуккан да эмесмин. “, – деп билдирди Өмурбек Бабанов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: