Бишкектин Ленин районундагы турак үйлөрдүн биринен газ боллан жарылып, үйдүн ээси жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 2-март күнү билдирди.
Алардын айтымында, окуя 2-мартка караган түнү болгон. Бишкектеги Лагерный көчөсүндөгү үйдөн газ баллон жарылган. Ашкананын кырк чарчы метри өрттөнүп кеткен. Кырсыктан улам үй кожойкеси жабыркаган. Ал 2-3-даражадагы күйүк алып, Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун күйүк бөлүмүнө жеткирилген.
Учурда кырсыктын себептери такталууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ