Menu

УКМК тарабынан экс-депутат Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаров, А.Артыков кармалышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-мартта Бишкектеги Ала-Тоо аянтында болуп өткөн Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митингинен кийинки мыйзам бузуулардын натыйжасында УКМКнын ыкчам иликтөө тобу экс-депутат Каныбек Осмоналиевди, Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаровду, тарапкери А.Артыковду кармап, УКМКнын Тергөө башкармалыгына жеткирди. Бул тууралу УКМКнын тергөө башкармалыгы тастыктады.

УКМК бул жарандарды бүгүнкү митингдин активдүү катышуучулары жана митингден кийин массалык баш аламандык уюштуруп, бийликти күч менен басып алууну максат кылышкан деп шекшийт.

Жогоруда аты аталган жарандар Садыр Жапаровдун жана башка бир нече тарапкерлери менен бирдикте митингден кийин массалык баш аламандык уюштуруп, митингдин катышуучулары мыйзамга баш ийбей, милицияга таш ыргытып, Бишкектин тургундарынын мүлктөрүн талкалап, мамлекеттик кайтаруудагы Ак үйдү басып кирүүгө жана бийликти күч менен басып алууга аракет жасоону уюштурушкан деп эсептейт.

Бирок, ИИМдин жасаган аракеттеринин натыйжасында алардын кылмыштуу иш-аракеттерине жол берилген жок жана азыр бул кылмыш иши расмий катталып, Кылмыш-жаза кодексинин “бийликти күч менен басып алууга аракети” беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Булардан башка да милиция бүгүнкү митингдин 80ден ашык активдүү катышуучуларын кармаган, азыр алар милицияда сурак беришүүдө. Бирок алардын баары “мен митингге катышпагам, эч нерсе билбейм, жөн эле митингди көрүп тургам, жөн эле турсам кармап кетишти” деп жооп айтышууда.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: