Бүгүнкү сот эртеңге жылдырылып, Алмаз Атамбаевди соттон алып чыгып, абакка алып кетип жатышканда анын туугандары жана тарапкерлери “Атамбаев! Атамбаев!” деп кыйкырып турушту.
Эсиңиздерге сала кетсек, бүгүн, 3-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда былтыр, 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларында адам өлтүрүү жана башка кылмыш фактылары боюнча Алмаз Атамбаевдин жана анын 18 жан-жөкөрүнүн үстүнөн сот иши башталды. Ал кылмыш иштери боюнча азыр 19 адам айыпкер катары соттолууда. Алардын ичинен Атамбаевдин 5 жан-жөкөрү тергөө менен кызматташууга баргандыктан алардын иштиери бөлүнүп, өздөрү үй камагына чыгарылган: Алга Кылычев, Амантур Жамгырчиев, Кыяс Смаилов жана башкалар.
Ал эми Алмаз Атамбаев, Фарид Ниязов, Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Мээрбек Мискенбаев жана башкалар адам өлтүрүү, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууну пландаштыруу, массалык баш аламандыкты уюштуруу, бейбаштык, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө сыяктуу оор кылмыштарга шектелип, соттук териштирүү башталды.
Аталган кылмыш иштери 84 томдон турат. Алмаз Атамбаевди жана анын жан-жөкөрлөрүн Кыргызстандагы эң кымбат адвокаттар коргошууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ