Экс-депутат Каныбек Осмоналиев 3-майга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектеги Биринчи май райондук соту 5-мартта кабыл алды.
Анын бөгөт чарасын судья Чыңгыз Бердимуратов төрт сааттай караган. Каныбек Осмоналиевди болжол менен кечки саат 18:00дө алып келишкен. Ал эми соттун чечими 5-мартка караган түнү саат 01:00гө жакын кабыл алынды.
Тергөөнүн версиясы боюнча, профессор Каныбек Осмоналиев 2-мартта Садыр Жапаровду колдоо максатында өткөн митингдин уюштуруучулардын бири болгон.
Белгилей кетсек, Каныбек Осмоналиев митинг болгон күнү, 2-мартта УКМК тарабынан кармалган. 3-мартта ал 39- жана 309-беренелери (Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү) боюнча кылмышка шектелип, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ