Menu

Зайнидин Курманов, профессор: “Алмаз Атамбаев Путин менен сүйлөшкөндөн сабак алган жок. Эми ар нерсени ойдон чыгарып айта баштады”

Бөлүшүү:

Профессор Зайнидин Курманов мурдагы Кыргызстандын президенти Алмаз Атамбаевдин  Россиянын президенти Владимир Путин менен болгон кечээги жолугушуусунан кийинки, бүгүнкү билдирүүсүнө комментарий берди.

Курмановдун айтымында, Алмаз Атамбаев “Владимир Путин кыргыз бийлиги мурунку жогорку даражалуу чиновниктерге саясый куугунтуктарды токтотуу, биздин партиялаштарга 2020-жылдагы парламенттик шайлоого эркин даярданууга мүмкүндүк берүү боюнча Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүгө убада берди” деп өзү ойдон чыгаргандарын айтып, дагы эле элдин көзүн будамайлоого аракет кылып жатат.

“Атамбаевдин калп эле “Россия мени колдойт” деп жасап жүргөн комедиясы соңуна чыкты. Путин азыркы иштеп жаткан кыргыз президентин колдой турганын билдирди. Бул Росссияда салтка айланган нормалдуу көрүнүш. Кремль дайыма  иштеп жаткан бийликти колдойт, аны менен өзүнүн аймактагы ансыз деле кичине эмес таасирин бекемдейт. Азыр Атамбаев үчүн бирөөнүн алдына кандайдыр бир шарт коюу же Путин андай кылат, мындай кыла турган болду деп ойлоп чыгаргандарын айтуу туура эмес деп эсептейм. Мунун баары куру кыйкырык, жалган опуза. “Артык кылам деп тыртык кылганга” барабар”, – деди Зайнидин Курманов.

“Атамбаевдин логикасы боюнча Сооронбай Жээнбеков ага партиясын кайтып бериш керек экен, мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга катышуу мүмкүндүгүн түзүп, бардык кылмыш иштерин жаап, экс-президент деген макамын кайтып берип, кечирим сураш керек экен. Бирок Путиндин Атамбаевге жолуккандан кийинки билдирүүсүндө булар тууралу дегеле сөз да, кыйытма да болгон жок. Бул Атамбаевдин эле фантазиялары. Путин ар бир адам мамлекеттин стабилдүүлүгүн ойлош керек экендигин, ал эми өзү Жээнбековду колдой тургандыгын так жана түшүнүктүү айтты. Дагы кайталап койгум келет, Россияга дайыма иштеп жаткан бийлик менен гана кызматташуу мүнөздүү”, – деп белгиледи эксперт.

“Эгер азыр Алмаз Атамбаев Кремлдин тилин укпаса, сүйлөө риторикасын өзгөртпөсө анда кыргыз бийлиги аны мындан ары эркелетип олтурбайт. Ал эми Кыргызстандын ички жаңжалына Россиянын ортомчу болуп чыгышы түшүнуктүү эле. Советтер союзунан кийинки калган аймак  – бул Россиянын таасириндеги зона. Андан көрө биз өзүбүздү түшүнүүгө аракет кылсак жакшы болмок, эмне болуп кетти, Атамбаев сыяктуу тил табышууну билбеген, тежик, сөз жебеген, сөзгө келбеген, даярдыксыз саясатчы кантип президент болуп шайланып калды деп”, – деди Зайнидин Курманов.

24.kg сайтынан кыргызчалаган Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: