Эртең, 8-мартта Бишкекте Феминисттердин үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жүрүшү болуп өтөт. Бул тууралу блогер Данияр Айтман өзүнүн Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу билдирди.
Жүрүш саат 12:00дө Бишкектин борборундагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдынан башталып, Байтик көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисине чейин түндүктү көздөй жүрүп, ал жерден чыгышты көздөй бурулат. Жибек Жолу проспектисинен Султан Ибраимов көчөсүнө карай түштүктү көздөй бурулуп, Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко чейин жүрүш жасап келет.
Ошондой эле Данияр Айтман Феминисттер жүрүшүнүн картасын жана активисттердин жүрүшкө даярданып жаткан сүрөттөрүн жана видеотасмаларын кошо жарыялаган.
https://bnd.lc/KyrkKyz
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ