“Бүгүн монополияга каршы кызматы ундун жана нандын баасына чектөө киргизет” – деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиеа бүгүн, 16-март күнү өкмөттө болуп жаткан жыйында.
Анын айтымы боюнча, өкмөттүн чечимине ылайык, монополияга каршы кызматы бүгүн ундун жана нандын баасын чыгарып берет.
“Бишкекте, региондордо, алыскы аймактарда ундун баасы канча болуш керек? Мына ушулардын баарын тастыктап, элге жеткиребиз” – деди премьер-министр.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ