Нарын облусунда инфекциянын себептерин аныктоо үчүн атайын комиссия иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, Нарынга Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жана Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова жиберилген. Алар коронавирустун таркалышын, облустук оорукананын төрөт бөлүмүндөгү инфекциянын жайылышынын себептерин аныкташат.
“Бүгүнкү күнгө чейин инфекциянын бардык учурлары аныкталган, андан кийин тийиштүү чечимдер кабыл алынат” – деди Нурболот Үсөнбаев.
Жалпысынан, Нарын облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 11 медициналык кызматкер коронавирус менен ооруп калышты. Мындан тышкары, вирус ал бөлүмдө жаткан 8 аялдан дагы табылган. Түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу борбордон кошумча медициналык топтор аймакка жөнөп кетишкен.
Булак: KyrgyzToday.kg
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ