Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
«Өткөн 2019-жыл кыргыз-кытай мамилелери үчүн жемиштүү жыл болуп калды. Биз Сиздер менен эки ирет жолугушуп, эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү боюнча маселелердин кеңири чөйрөсү жана „Бир алкак — бир жол“ демилгесин биргелешип ишке ашыруу боюнча келишимдерге жетиштик. Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Кытай коронавирустун жаңы тибинен улам чыккан пневмония эпидемиясы менен күрөшүүдө кыргыз-кытай мамилесинин жогорку деңгээлин күбөлөндүргөн тыгыз координацияны карманып, бири-бирин бекем колдоого алууда. Мен муну жогору баалайм», — деп айтылат КЭР Төрагасынын куттуктоосунда.
Си Цзиньпин эки өлкө элдеринин жыргалчылыгына жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктөгү кыргыз-кытай мамилелерин жаңы деңгээлге үзгүлтүксүз алып чыгууда биргеликте күч-аракеттерди көрүүгө даярдыгын билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ