Кыргызстандыктар Австрияга виза алыш үчүн тиешелүү документтерди Бишкек шаарынан тапшырууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-декабрь күнү билдирди.
Нур-Султан шаарында 2020-жылдын 5-январынан тарта Австриянын Казакстандагы элчилигинин VFS компаниясынын визалык борбору иштей баштайт. Бул визалык борбордун Бишкекте да бөлүмү ачылды. Ал Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсү 103 дарегиндеги Victory бизнес-борборунун 11-кабатында жайгашкан.
Виза алуу шарттары боюнча алдын ала маалыматты vfsglobal сайтынан алса болот. Суроолор боюнча 0 312 97 92 61 телефон номерине кайрылса болот.
Маалымдама: Австриянын элчилиги Казакстандын Нур-Султан шаарында жайгашкан.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ