Таажывирустун оң натыйжалары мейманканаларда обсервацияда жаткан бейтаптарда аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрель күнү Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн брифингде билдирди.
“Ак-Кеме” , Garden жана “Достук” мейманканаларында обсервацияда жаткан жарандарды текшердик. Алардын арасында таажывирусун жуктуруп алгандар аныкталды. “Ак-Кемеде” – 1, Garden – 5, “Достукта” – 3. Бүгүнкү күндө 9 бейтапты жана алар менен байланышта болгон адамдарды өзүнчө бөлүнүп изоляцияланат. Калгандарын үй карантинине жиберилет” – деп билдирди министр.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 228 адам таажывирусун жуктуруп алган, алардын ичинен 19у медициналык кызматкерлер.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ