Улуттук статкомитеттин маалыматы боюнча жалпы жумушсуздардын саны 156 миӊ адамды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде өкмөттүк брифингде Кыргыз Республикасынын эмгек жана өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.
” Учурда Улуттук статкомитеттин маалыматы боюнча жалпы жумушсуздардын саны 156 миӊ адам. Иш менен камсыз кылган компанияларда жалпы жумушсуз 97 миң 400 адам каттоодо турат. Мындан тышкары ай сайын 25 категориядагы биздин жарандар 1000 сомдон 7000 сомго чейин ар кандай жеңилдиктердин ордуна төлөнүүчү компенсацияларды алып келет. Булардын жалпы суммасы 41 миң 200 адамды түзөт”,- деди министр.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ