Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “КРнын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралып жатканда депутат Акылбек Жапаров мыйзамды ким жылдырганына кызыгып, буга ким жооптуу экенин сурады.
Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров депутаттын суроосуна: “Бизге “азыр салык кызматы да, эл да дайын эмес” салык кызматы кат менен кайрылган. Биз ошол үчүн мыйзамдарды жылдырып жатабыз” – деп жооп берди.
“Элди даярдап эмне кыласыңар? Эл бардык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн каттап жатат. Эл баарын эле жасап жатат. Муну силер каалабай жатасыңар. Жооптуу адамдардын бардыгы бошош керек. Мыйзам кайра-кайра өзгөртүү оюнчукпу?” – деп нааразы болду эл өкүлү.
“Бул мыйзам 2007-ж., 2009-ж., 2016-жылы иштеш керек болчу. Дайыма Салык инспекцисы мөөнөттөрдү жылдырып келесиңер. Бардык президент, өкмөт коррупция менен күрөшүп жатабыз дейт. Бирок, майнап чыкпай жатпайбы. Декларация болмоюнча майнап чыкпарын баарыбыз көрдүк, а силер дагы жылдырып жатасыңар” – деп нааразы болду акылбек Жапаров.
Депутат берген суроосуна жооп албаганы айтып, күнөлүүлөрдүн фамилияларын атап, аларды жумуштан четтетиш керектигин билдирди.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкулов мурдагы иштеп кеткен кызматкерлер үчүн жооп бере албастыгын билдирди.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ