Бүгүн, 1-майга карата Кыргызстанда дагы 10 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Ош облусунда – 3, Бишкек шаарында – 5, Нарын облусунда – 1, Баткен облусунда – 1 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 756га жетти. Алардын ичинен:
– Ош облусунда — 166 адам;
– Жалал-Абад облусунда — 114 адам;
– Ош шаарында — 111 адам;
– Бишкекте — 188 адам;
– Нарын облусунда — 96 адам;
– Чүй облусунда — 61 адам;
– Баткен облусунда — 10 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 10 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ