Menu

Amnesty International казакстандык эки активистти абийир туткуну деп тааныды

Бөлүшүү:

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Атырау шаарында соттолуп жаткан жарандык активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аянды абийир туткуну деп тааныды. Бул тууралуу уюмдун билдирүүсүндө айтылат.

Макс Бокаев менен Талгат Аян мыйзамсыз митинг уюштурууга, жалган маалымат таратууга жана коомдо кастык жаратууга айыпталып Атырау шаарында соттолуп жатат. Алар жер реформасына каршы 24-апрелде өткөн массалык митингден кийин Атырауда кармалышкан. Активисттер 10 жылга чейин эрктеринен ажыратылышы мүмкүн.

Amnesty Internationalдын билдирүүсүндө алардын соту Казакстан өкмөтүнүн эл аралык милдеттенмелерин бузуу менен өтүп жатканы айтылат. Укук коргоо уюму эки активист саясий негизде айыпталып жатат деп эсептеп, аларды өз пикирин эркин билдирүү жана жыйындарды өткөрүү укуктары менен пайдалангандыгы үчүн гана куугунтукталып жаткан абийир туткуну деп тапты.

Андан сырткары Amnesty International Макс Бокаев менен Талгат Аяндын туугандары активисттердин камактагы шарттарына жана ден соолуктарынын начарлап кеткенине кооптонуп жаткандыктарын белгилеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: