Россиянын Мурманск облусунда кыргызстандык жаран коронавирусту массалык түрдө жуктурган деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде россиялык ММКлар аймактын губернаторуна шилтеме берип жазып чыккан.
Маалыматтар боюнча, коронавирустун очогу Белокаменка айылындагы “Новатэк-Мурманск” курулуш борборунда болгон.
Ал жерде 206 адамдан коронавирус аныкталган, вирус табылбаган 200 жумушчу обсерваторияга жайгаштырылып, профилактикалык терапиядан өтүшкөн. Ал жакта 200дөн ашык жумушчуга коронавирусту Кыргызстандын жараны жуктурган деп шек жаралууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ