Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунда алкоголдук ичимдиктерди сатууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө комендантын буйругу жокко чыгарылды. Мурунку буйрукту жокко чыгарган жаңы буйрук социалдык тармактарда жарыяланды. Документке 15-апрелде Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу районунун коменданты Малик Нурдинов кол койгон.
Ал эми Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу районунун комендатурасы билдиргендей, алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салуу жөнүндө чечим жокко чыгарылган эмес, а убактылуу токтотулган.
Коменданттын буйругу азырынча күчүнө кире элек, анткени аны жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен макулдашуу керек.
“Коменданттын буйругу күчүнө кире элек. Мындай чечим тургундардын кайрылуулары менен кабыл алынган. Аймакта жашаган жарандар өзүлөрү алкоголь сатууну токтотууну суранышты. Адамдар алардын туугандары алкоголдук ичимдик ичкенден кийин үйдөн чыгып кетип, көпкө чейин үйүнө келберин айтып кайрылышкан. Кээ бир адамдар алкоголь коронавирусту жуктурбоого жардам берет деп ойлоп, дары катары иче башташты. Бирок, дарыгерлер алкоголдук ичимдикти ичүүнү сунуш кылышпайт, анткени алкоголь иммунитетти төмөндөтөт. Буга байланыштуу алкоголдук ичимдиктерди сатууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө буйрук чыккан” – деп айтылат комендатуранын маалыматында.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ