Бишкек шаарында 2020-жылдын 25-мартынан 21-апрелге чейин коменданттык сааттын эрежелерин бузгандыгы үчүн жалпы кармалгандардын саны 2 миң 260 адам. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде өкмөттө өткөн брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
“Коменданттык саат убагында коюлган талаптарга баш ийбей, көчөдө жүргөн 91 адам кармалды. Анын ичинен 82 эркек, 9 аял жана бир чет элдик жаран. Ал эми 25-марттан 21-апрелге чейин коменданттык саат эрежесин бузган жалпы 2 миң 260 адам кармалган. Анын ичинен эркектер 1 миң 961, ал эми 299 аял киши кармалды”, – деди комендант.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ