Бүгүн, 23-апрелге карата Кыргызстанда дагы 19 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өкмөттүк онлайн- брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жаңы учурлар: Чүй облусунда – 4, Бишкек шаарында – 8, Ош облусунда – 3, Ош шаарында – 4.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 631га жетти. Алардын ичинен:
– Ош облусунда — 154 адам;
– Жалал-Абад облусунда — 109 адам;
– Ош шаарында — 101 адам;
– Бишкекте — 141 адам;
– Нарын облусунда — 74 адам;
– Чүй облусунда — 38 адам;
– Баткен облусунда — 6 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 8 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ