Menu

ИИМ: Милициянын кайгуул кызматы башкармылыгы кандай иштерди аткарып жатканын элге билдиребиз

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын 11-январь күнү “2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгын түзүү боюнча пилоттук долбоорду 2019-2020-жылдын иш-мерчеми иштелип чыккан.

Долбоордун биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында окутуунун үч айлык курсу ийгиликтүү аяктагандан кийин, ошондой эле кызматкерлер заманбап материалдык-техникалык каражаттар менен жабдылгандан кийин, 2019-жылдын 31-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен Бишкек шаарынын ИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы жана Бишкек шаарынын ИИББдин Командалык борбору ачылып, ишке киргизилген.

Биринчи этапта Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи май районунун толук аймагын жана Свердлов районунун жарым-жартылай аймагын тейлешет. Жогоруда көрсөтүлгөн райондордо кызмат өтөөсү 3 маалга бөлүнгөн. Жаңы кызматтын штаттык саны аягына чейин комплектелген эмес.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын ишинин натыйжасы менен 2019-жылдын 31-октябрдан 15-декабрга чейин кылмыштардын, жоруктардын жана мыйзам бузуулардын алдын алууда кылмыштардын бетинин ачылышы-62, жоруктандын бетинин ачылышы-193. Жалпы жонунан алганда бузуулар-1999, алардын ичинен коомдук тартипти бузгандыгы үчүн -31. Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн-2003, алардын ичинен айнегин караңгылатуу-212, транспорт каражаттарын мас абалда айдоо -122, жасалма мамлекеттик номур колдонуу үчүн-87, жана башка Жол кыймылынын эрежелерин бузуу 1582. Айып унаа токтотуучу жайга киргизилген, анын ичинен-348, анын ичинен транспорт каражатын мас абалда айдоо-122, жасалма мамлекеттик номур колдонуу үчүн-87, айнегин караңгылатуу-53, “Дозор” Аппараттык комплекси менен аныкталган-70, унаа каражатын айдоочулук күбөлүгү жок айдоо жана транспорт каражаттарын катоочу документи жок башкаруу-104, Белгилүү жашаган жери жок адамдар “Коломто” баш калкалоочу жайына жеткирилди-328.

Күн сайын кечки убакта 3-4 саатка чейин Бишкек шаарында жана ошондой эле Бишкек шаарынын Абдрахманов-Киев, Абдрахманов – Чүй проспекти, Шопоков – Чүй проспекти, Исанов – Чүй проспекти, Ден – Сяопин – Фучик, Курмажан Датка – Чуй проспекти, Жибек – жолу – Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилиштеринде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана тыгындарды жөнгө салуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, Аламүдүн базарынын, ЦУМ, ГУМ, “Бета-Сторес”, “Бишкек-Парктын” жанына мыйзамсыз унаа токтотуучу жайларды жөнгө салуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Калктын милицияга болгон ишенимин кайтаруу боюнча Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгынын кызматкерлерине жарандарга сылык жана маданияттуу мамиле кылууга багытталган иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Эреже бузуучулар менен иштөөдө жол кыймылынын эрежесин бузган учурларда протокол дароо түзүлбөйт. Көпчүлүк учурларда, этиятсыздыктан жана майда бузуулар катталган учурда кайгуулчулар биринчи кезекте ынандыруу ыкмасын пайдаланышып, мыйзамга каршы жана мүмкүн болуучу кесепеттерди түшүндүрүшөт. Мыйзамды бузган учурларда гана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык тийиштүү мүнөздөгү протоколдор түзүлөт. Мындан сырткары майыптарга жана мектептин жанындагы балдарга жолдон өтүүгө жардам беришет.

Көрсөтүлгөн убакта Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери 102 кызматына келген – 2720 чалууларды тейлеген, алардын ичинен тастыкталган – 1868, ал эми тастыкталган эмес – 850, ИИОна – 597 жаран жеткирилген.

2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Биринчи май жана Свердлов райондорунун аймагындагы криминогендик кырдаал кескин төмөндөгөн. Ошондой эле катталган кылмыштуулук 15% га, жол-транспорт кырсыктары 10% га төмөндөгөндүгү байкалат. 102 линиясы боюнча келип түшкөн чалуулар ыкчам жана сапаттуу, кайгуулдук экипаждын келген убактысы 5-7 мүнөт чакыруу менен тейленет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: