Menu

Парламент төрагасы Канат Исаев президент Сооронбай Жээнбековду кызматтан кетпөөгө чакырды

Бөлүшүү:

Парламент төрагасы Канат Исаев президент Сооронбай Жээнбековду кызматтан кетпөөгө чакырды. Бул тууралуу ал “24.kg” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү кырдаал өтө кооптуу. Алтынчы чакырылыштын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап, Садыр Жапаров башында турган өкмөт жаңы гана өз милдеттерин аткара баштады. Ушул күндөрдүн биринде БШК Жогорку Кеңешке жаңы шайлоолорду жарыялайт – аларды туруксуздук шартында өткөрүү кайтарылгыс кесепеттерге алып келет.

Бүгүнкү күндө президент легитимдүү бийликтин бирден-бир булагы бойдон калууда. Ал азыр кызматтан кетпеши керек. Бул туура эмес жана жаңы толкундоолорду жаратышы мүмкүн.

Ал кошумчалагандай, адам жеке кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коё албайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: