Menu

Казакстан ИИМи Арыста дайынсыз жоголгондор тууралуу маалыматты төгүндөдү

Бөлүшүү:

Казакстан Ички иштер министрлиги Арыста 350 кишинин дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

“Калаанын бардык тургундары эвакуацияланды жана дайынсыз жоголгондор жок” деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ коомчулукту социалдык түйүндөр жана мессенжерлер аркылуу тараган такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды. Жалган кабар тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Расмий маалыматтар боюнча Арыстагы жарылуудан үч адам өлдү, алардын экөө – аскер кызматкери. Дагы бир карапайым жарандын автоунаасына снаряд түшүп, мерт болгон.

24-июнда калаадагы аскерий кампадан өрт чыгып, ок-дарылар жарылган. Аймак тургундары шашылыш түрдө көчүрүлгөн. Алардын көбү Шымкент шаарындагы мектептерге жана мечиттерге жайгаштырылган.

Буга чейин Казакстан Ички иштер министрлиги Арыстагы жарылуу басаңдаганын, бирок толук токтой электигин билдирген. Буга байланыштуу өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге жолой албай турушат. 25-июнда казак бийлиги Арыска кайтуу азырынча кооптуу экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: