Республикада коронавирус илдетин жуктурган бейтаптар менен байланышта болгондордун саны 3139 адамды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттө өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, коронавирус жуктурган адамдар менен байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.
Ал эми өлкө боюнча обсервацияда жаткандардын жалпы саны 874 адамды түздү.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ