Бүгүн, 2020-жылдын 5-майында 11:00 чамаларында, ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын Бишкек ш. Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн №68 Кармоо тобунун башчысы, милициянын прапорщиги Б.Бейшеналиев, милиционер автоматчы А.Эсенов, милиционер айдоочусу К.Нурбаевдердин курамында, кызматка өтөп кайгуул уюштуруу учурунда, Бишкек шаарынын И.Ахунбаев жана А. Тыналиев көчөсүнүн кесилишинде “Volkswagen” үлгүсүндөгү минивен автоунаасы өрттөнүп жаткандыгын байкап, аны токтосууздан өчүрүүгө аракеттенишип, чыккан өртүү жайылышын токтотушту. Бул туралу ИИМдин МАККББнын басма сөз кызматы билдирет.
Унаа ээси, милиция кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирип, андан соң Кайгуул милиция кызматы башкармалынын кызматкерлерине өткөрүп беришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ