Menu

Аскар Медетов, филология илиминин кандидаты: Чагымчыл Даутов, жаатчыл декан Жайлообаев

Бөлүшүү:

Үч уктасам түшүмө кирбеген окуя болду. Адабий сындын айынан кара пиардын каарманы болом деп ойлогон эмесмин. Чындыгында бул кезектеги эле бир кер-мур айтышуу болчу. Буга чейин «Сынчы Кадыркул Даутовдун субьективизми же  Барпы мактоого муктажбы?» деген макалам жарык көргөндөн бери К.Даутов экөөбүз эки-үч жолу жаман-жакшы айтыштык. Көп өтпөй К.Даутов кафедра башчысы К.Абакиров менен да катуу урушуп, «ушунун баарын сен уюштуруп жатасың» деп ага асылганын да угуп калдык. Бул жаңылык эмес эле, анткени К.Даутов университетке келген он жылдан бери мындай уруштун далайы болгон. Ошон үчүн ал «Атаман» деген ылакап атка конгон. Ал «эч ким менен урушкан эмесмин, сүттөн акмын» деп актана да албайт, каргана да албайт.

Бул жолу айтыштын отуна май чачып, күчөтүп, жеңин түрүнүп киришкен декан Б.Жайлообаев болду. Ал болбосо бул каралоо кампаниясы болот беле, ким билет? Себеби анын артында кыргыз тил илими кафедрасынын Т.Маразыков баштаган кутумчул топ турат. Декан ошолордун буюртмасын аткарып, чымынды төөдөй кылып көрсөтүп, студенттерден арыз уюштуруп, аларды өзүнүн ыпылас иштерине аралаштырган. Ушундай жасалма жолдор менен баш көтөргөн коллегаларын «кынына» киргизип, көпчүлүктүн алдында жаман атты кылуу бул топ үчүн өнөкөткө айланган ыкмасы.

Менин адамдык аброюма шек келтирип, ар-намысымды тебелеген «Багыт» гезитиндеги макала карасанатайлык менен каралоо максатында гана жазылган. Ал макаладан К.Даутов, Б.Жайлообаев, Г.Телибаевалардын кулагы көрүнүп турат. Сүрөт Т.Маразыковдун үй-бүлөлүк альбомунан алыныптыр. Бул гезитти сотко берем. «Жаңы Ордо» гезити да менин оппонентим, каалагандай кылып, окуяны бурмалап жазыптыр. Анда жарыяланган студенттердин каты да атайын уюштурулган, ал студенттер мени тааныбайт, билбейт, себеби мен кыргыз филологиясына сабак бербейм. Каттын тексттин студент эмес, дасыккан адабиятчы жазганы көрүнүп турат. Мен ошол күнкү окуянын болгонуна өкүнөм. Б.Жайлообаев уюштуруп жаткан каралоо кампаниясында тотукушча «мас-тас» болчу, «урду-сабады» деген жөн эле жалаа. К.Даутов менен мурда да эки-үч жолу катуу урушканбыз. Ошон үчүн аны менен сүйлөшкүм келген жок. Кафедрада чай ичип отурсак, өзү келди, кычык сүйлөп, чагым салды. Адегенде эле «чыккан жериңе киргизем» деп баштады. Мен да айтчу сөзүмдү айттым. «Багыт», «Жаңы Ордо» гезиттери К.Даутовду кой оозунан чөп албаган момун катары аны сыртынан билген журналист «мен сени чыккан жериңе киргизем» деп 78 жашка келген К.Даутовдун жулунганын элестете бергиле. Бул акылга сыйбаган нерсе эмеспи» деп жазыптыр. К.Даутовдун ким экенин заар тилин угуп, калчылдап, долуланып кыйкырып, ар ким менен урушканын, жакалашканын көрүп жүргөн кесиптештери жакшы билишет. «Азия Ньюс» гезити жазгандай, 2007-жылдан бери факультетте К.Даутов көп эле агай-эжейлер менен урушуп, жакалашып, окумуштуулар кеңешинде да эч кимди көзгө илбей кыйкырышкан күндөрү көп эле болгон. Демек, экөөбүздүн ортобузда болгон инцидент кокустук эмес, мыйзам ченемдүү эле көрүнүш.

К.Даутов 68 жашында университетке келиптир. Пайгамбар жашынан өткөндөн кийин адам токтолуп, карылыкка моюн сунуп, салабаттуу, сөөлөттүү болот эмеспи. Тилекке каршы, ал өткөн он жыл ичинде эмнелерди гана жасабады?! Алардын айрымдарына токтололу.

2007-жылы К.Даутов университетке келери менен ал кездеги декан Н.Ишекеевге асылып, аны оозго алгыс сөздөр менен сөккөнүн мактанып айтып жүрдү. Андан кийин профессор Б.Байсабаевге асылып, катуу кагуу жейт. Ошол кезде ооруп, ден соолугу жакшы болбой жүргөн профессор К.Артыкбаевге уйгактай жабышып, ашата сөгүп мазактаган, кемсинткен учурлары көп эле болгон. Маданияттуу, бир сырдуу профессор К.Артыкбаев К.Даутовго ооз ачпай, ичинен  сызып, кыйналып жүргөн экен. Ага карабай эле К.Даутов профессор К.Артыкбаевге асылып, беделин түшүрүп, аброюна шек келтирген сөздөрдү айткан. К.Артыкбаевдин көзү өткөндө топурак салганга жараган жок. Андан кийин кезек профессор Абдыкерим Абдыразаковго келип жетти. А.Абдыразаковго асылып, кемсинтип, бир эмес эки жолу жакалап, муунткан. Бир жолкусунда столго баса калганда мен араң ажыраткам. Ал эми белгилүү сынчы Санарбек Карымшаковду да «менин портретимди начар жазыпсың» деп сөгүп-сагып, жакалаганын айтып жүрүшөт. Филология илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Абдыкадыр Садыковду ашатып сөккөнүн, кесиптик кадыр-баркын түшүргөн сөздөрдү айтканын элдин баары билет.

К.Даутовдун буга чейинки жаңжалдары бир тең да, Ш.Айтбаева эже менен чатагы бир тең. Кыргыз адабияты кафедрасында 40 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, эмгек жамааты Умай энедей сыйлаган Ш.Айтбаева эже менен К.Даутов урушуп, адатынча бок ооздоно баштаганда Шайлоо эже келтирип туруп жаакка чапкан экен. Ошондон кийин  Даутовдун жаагы жап болуптур деп айтып жүрүшөт.

К.Даутов ичип, факультетте мас болуп жүргөн учурлары, арактын айынан «ооруп» жумушка чыкпай койгон учурлары көп эле болгон. Мас болгондо эс-учун жоготуп коёт экен, аны эки жолу жеткирип барганда көрдүм.

2009-жылы мартта кыргыз филологиясы факультетинин деканын шайлоо болду. Биз Кадыркул агай болуп, Бектурсун Байсабаевдин талапкерлигине каршы иштедик. Болбой эле Б.Байсабаев өтүп кетти. Ал декан болгондон кийин көп өтпөй министрликке чейин жазып, Байсабаевге каршы көтөрүлдүк. Нааразы болгондордун башчыларынын бири К.Даутов болчу. Ал биз менен министрликке чейин барган. Бирок «ошондо сен мага каршы чыккансың» деп кектебестен, майдаланбастан, тескерисинче, «иштешели» деп декан Бектурсун агай кийин мени кафедра башчысы кылып дайындады. Мен анын адамгерчилигине терең ыраазы болуп, ишеничин актоого аракет кылып, иштеп бердим.

2014-жылы кайра декандык шайлоо болуп, К.Даутов Т.Маразыковду колдоду. Андан да кызыгы, Т.Маразыков декан болуп шайлангандан кийин ага нааразы болуп, К.Даутов: «Сөгүп, бетине түкүрүп чыгып кеттим. Адам эмес экен, акмак турбайбы» деп айтып жүрдү. Мына, өткөн жылы эле К.Даутов «Маразыков кылмыш жасаган, мен аны сотко берем, факты толтура» деп окумуштуулар кеңешинде да, башка жерлерде да кыйкырып, жар салып жүргөнүн факультеттегилер жакшы билишет. Эми болсо Т.Маразыковдун командасына кошулуп алып, алар тукуруп койсо, ошолордун камчысын чаап (негизги күбөлөрү да ошолор), Кыргыз эл жазуучусу, профессор, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер К.Даутов аталган кутумчу топтун «Курманжаны» Гүлай Телибаева менен көрүнгөн бурчта чекелерин тийгизишип алып, шыбырашып жүргөнү 78 жаштагы аксакалдын кылар иши эмес.

«Багыт», «Жаңы Ордо» гезиттерине жана “Рухэш” сайтына мени карасанатайлык менен жалаа жаап, каралаган материалдар чыгып жатат. Окурманга туура маалымат жеткирүү максатында калем алып отурам. Бул окуя бир беткей эмес, адилет, калыс каралса жакшы болот эле. Жогоруда айтылган К.Даутовдун жаңжалдарынан кийин бул чатак кокустан чыкпаганы түшүнүктүү болду окшойт. Бул чатак анын факультетте боло жүргөн кезектеги, катардагы чырдуу окуяларынын бири. Ага кара боёк сүртүп, адаттан тыш бир көрүнүш катары көрсөтүүгө, пайдаланууга аракет жасап, интригадан башканы ойлобогон жаатчыл декан Б.Жайлообаев жан үрөп жатат.

Ал эми К.Даутовду 1984-жылдан бери тааныйм. 3-курстан «Орто Азия жана Казакстан романдары» деген темада атайын курс окуганы эсибизде. Кезинде жардам берген учурлары да болду. Мен аларды унутпайм. Бирок мен да анын сөзүн эки кылган эмесмин. 2017-жылдын ноябрь айына чейин мамилебиз жакшы болчу. Анын китебине сын-макалам чыккандан кийин мамилебиз бузулду.  Нарктуу, салт билген, мен сыйлаган агам «эки киши чатакташса кичүүсү күнөөлүү» деди. Өзү кычаштык кылгандан кийин ачуум келип, менден да чекилик кетти. Агай да аксакал катары мени түшүнөт го деп ойлойм.

Ал эми Б.Жайлообаевдин жетекчи катары чакырып, чатакты басуу жөнүндө сүйлөшүүнүн ордуна, өзү башында туруп, гезиттерге жалган маалыматтарды берип, студенттерди уюштуруп, кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, мени каралоо, кодулоо, басынтуу, кугунтуктоо иштерин жүргүзүп жатканы факультет кандай кишинин колунда экенин далилдеп турат. «Элдешкиле десем, мени сөктү» деп кызылдай калпты таратып жүрүптүр. Бул да бекеринен эмес, ал буга чейин ыраматылык профессор Бектурсун Алымовду бетине кармап, «Алымов таякем» деп элди алдап келген. Б.Жайлообаевдин энеси көлдүн Калмак айылынын кызы болсо, кантип Б.Алымовго жээн болот? Ушундай кылыктары менен Б.Жайлообаев жалган айтканга, жалаа жапканга «уста» болуп алганын көрсөттү. Кокус, 37-жылы жашаганда далай кишини аттырмак экен. Болгон өнөрүн кутумчулардын шилтөөсү менен өч алганга, кек кууганга чыгарбай, жүзү жарык боло турган жакшы иштерге жумшаса дурус болмок.

Аскар МЕДЕТОВ, филология илимдеринин кандидаты

 P.S. Гезиттин кийинки санында профессор Кадыркул Даутов да өз чындыгын жазып, ушул чыр-чатакка байланыштуу макаласын чыгарууга белсенип калды.

Булак: Азия Ньюс 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: