Өлкөдө коронавирус илдетин жуктурган бейтаптар менен байланышта болгондордун саны 3855 адамды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда өкмөттө өткөн онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө байланышта болгондордун саны өзгөрүшү мүмкүн.
Ошондой эле, өлкө боюнча обсервацияда 675 адам жатат.
Бүгүн, 6-майга карата Кыргызстанда дагы 28 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 843кө жетти.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ