“Манас” эл аралык аэропортунда кечээ, 20-майда Оренбург шаарынан Кыргызстанга 164 мекендешибиз учуп келди. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
“Кыргыз өлкөсүнө келген бардык жарандар обсервацияга жайгаштырылат. Бул рейс Кыргыз өлкөсү менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашуусунун негизинде ишке ашырылды”, – деп айтылат маалыматта.
Мекенине кайтып келгендердин арасында 33 аял кош бойлуу. Буга чейин Оренбургдун Бузулук шаарында 560 кыргыз жараны Казакстандын чек арасынан өтө албай, өлкөгө кайтып келе албай жатканы маалымдалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ