Алматы полициясы калаага кире бериш жерде блокпостто кайгуул унаасын сүзгөн жеңил автомобиль айдоочусу мурун полиция кызматкери болгонун ырастады. Авариядан улам эки жол сакчысы кайтыш болуп, дагы бирөө ооруканада жатат.
Алматы полиция департаментинин башчысы Канат Таймерденовдин билдиришинче, автоунаанын айдоочусу мурун укук коргоо органдарында алты жыл кызмат өтөгөн, бирок жумушун так аткарбаганы үчүн иштен алынган.
25-майда жеңил автоунаа Алматы шаарынын кире беришиндеги блокпосттун бетон тосмосун сүзүп, андан соң инерция менен патрулдук автоунаага тийген. Авариядан машиненин ичиндеги эки полиция кызматкери мерт болгон.
Полиция департаменти жеңил автоунаанын айдоочусу мас экенин, ал камакка алынып, “Киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ