Menu

Видео – Руслан Казакбаев Каржы министринен коронавирус менен күрөшүү боюнча жалпы канча каражат түшкөнүн, каякка жумшалганын сурады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйыны болуп өттү. Анда депутат Руслан Казакбаев COVID-19 менен күрөшүү боюнча жалпы канча акча каражат түшкөнүн жана коронавирус боюнча калп маалымат тараткандар боюнча сөз козгоду.

“Коронавирус илдети менен күрөшүү боюнча эсебиңерде канча каражат бар? Элдин арасында сөз болуп жатат. Ишкерлер болобу, саясатчылар болобу, ушунча көп акча түшүп жатат, анын баарын жеп жатышат, коррупция башталды деген сөз. Каражаттын кайда кетип жатканы өтө маанилүү. Ишкерлерден, чет мамлекеттен келген каражаттын канча экенин жашырбай ачык эле интернет тармагына жарыялап койбойсуңарбы?”, – деп билдирди депутат Казакбаев.

Экинчи маселеде, депутат коронавирус боюнча калп маалымат тараткандар болсо УКМКга расмий кайрылуу жасоо керектигин айтты.

“Социалдык тармактарда, кээ бир ооруканаларда каза болуп калгандар болсо, туугандарына келишип “коронавирустан каза болду деп айтып коесуздарбы, 30 миң, 50 миң сом беребиз” деп айткандар көбөйүп кетти. Өткөндө мен өкмөттүн өкүлүнө, УКМКга кайрылдым эле. Эгерде бул калп болсо ал дагы кылмыш иши болот. Демек провокация, маалымат согушу башталды”, – дейт депутат.

Депутат Руслан Казакбаев маалымат эгер калп болсо, УКМКга расмий кайрылуу жасап коюу керектигин айтты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: