Menu

Кызмат алмашуулар – ким курмандык, ким утушта?

Бөлүшүү:

Өткөн апта кызматын тапшыруулар менен орун алмашууларга жык толгон жети күн болду. Минтип бир орундан экинчисине секирүү адаты президенттик шайлоого чейин кызый турганын саясат таануучулар белгилешүүдө. Кеткендердин айрымдары жаңы кызматка камынып жатса, айрымдары өлкөдөгү саясий кырдаалдын курмандыгы болду дегендер да бар

Айтсак, парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын лидерлигинен Канат Исаев өз каалоосу менен кетип, анын ордуна Алмазбек Баатырбеков келди. КСДПчы депутат Мээрбек Мискенбаев жана Билим берүү министринин милдетин аткаруучу Эльвира Сариевалар да бийликтин бийик сересин өз каалоолору менен тапшырып беришти. Мискенбаев: “Парламент – бул ар кандай интригалардын жана саясий оюндардын да чордону экенине дагы бир жолу ишендим. Анда көптөгөн кызыкчылыктар кесилишет. Ал эми карапайым элдин арасынан чыккан мен үчүн мунун баары кызыксыз. Мен үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомчулуктун көңүл борборунда болуу да көнүмүш эмес” деп ал депутаттыка жарабай турганын айтса, Сариева үй-бүлөсүнө байланыштуу кызматын таштаганын билдирген.

“Мискенбаевди Фариддер коркутушту”

Өз каалоосу менен кеткенин өз оозунан укса да, көпчүлүк ага ынанган жок. Ал эле эмес эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов депутат Мискенбаевдин мандатын “Акчаң жок, аз добуш топтодуң, камайбыз” деп “Икрамжандар, Фариддер” коркутуп алып коюшканын фейсбуктагы баракчасына ачык жазды. “Ата мекенчинин” катынан кийин демейде кой оозунан чөп албаган Мээрбек мырза кандайча Текебаевге тиш кайрап калды деп таң калып жүргөндөр дароо жооп тапты окшойт. “Зээним кейийт! 7-апрелде ак үйдүн астында ок жеп, жаракат алып, Кудайдын шыбагасы менен аман калып, 2-топтогу майып болуп калган Мээрбек иним, боордошум, үзөңгүлөшүм бүгүн саясаттын курмандыгына чабылды!” деп башталат билдирүү. ” Мандатыңды алабыз, добуш алган жоксуң, акчаң жок, камайбыз”, – деп коркутуп, “Текебаевге каршы сессияда сүйлө, Текебаевди жаманда, болбосо мандатыңды алабыз “-деп отуруп, аягы мандатын алып тындыңар. Мээрбек иним пендечилик кылып, мандаттка кызыгып, Икрамдын айтканын айткандай кылып колдон келишинче, эби келсе да, келбесе да Текебаевге тийишип келди го. Дагы эмне кызмат кылыш керек эле? Мээрбекти саясий интригаларга пайдаланып, аны коомчулука жаман атты кылып, аягы аңга тоголотуп жиберген Икрамжандар, Фариддер аман эле болгула. Мээрбекке Жогорку Кенештин коридорлорунан бетме-бет жолугуп калып: “Иним, сен туура эмес сүйлөп жатасың, жалган маалымат таратып жатасың, себеби эмнеде?” – десем, көзүн ала качып, жер карап калчу…Көрсө иттин өлүгү башка жакта турбайбы. Мээрбек иним сага капачылык жок, аман бол (!), “Аманчылык алтын аяктан суу ичирет”, – деген экен ата-бабалар! – деген постун жарыялаган ал.

“Кызматын жөнү менен таштады”

Анткен менен чабал жүргүзгөн саясаттын аркасынан коомчулуктун сынында турган бийлик өкүлдөрү өз жөнү менен эле кетишти дегендер да жок эмес. Айрым эксперттер кызмат таштагандар алдыда түзүлө турган бийликтин курамынан өздөрүн көрө албай калышты деген пикирде. Алардын бири – Билим берүү министринин милдетин аткаруучу Эльвира Сариева министр болгондон бери билим берүү жаатында көзгө басар реформа болбогонун педагогика илимдеринин кандидаты Акылбек Касымов белгиледи.

– Сариева 2014-жылы министрликти колуна алганда система бир топ өзгөрөт деп ишенгендер көп болчу. Биринчи эле кезекте мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу милдети турган. Бирок балдардын билим деңгээли мугалимдердин адистик деңгээлине көз каранды экенин министр болуп туруп түшүнгөн жок. Ал эми эл аралык уюмдардын каражаттарын тартууда мурунку министрлер колдонуп жүргөн схема менен иштеди. Демек, ири долбоорлорду колдон учурду десек болот, – дейт педагог.

Мискенбаев жарашкан шылтоо

Ал эми Мээрбек Мискенбаев болсо буга чейин куудулдарга тийише коём деп эл арасында беделин бир аз түшүрүп алган жайы бар. Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Самсаалы Четинбаевдин пикиринде “Мына иштебей жаткандарды кетирип атабыз көргүлө” деп элдин ишинимине отуруу үчүн Мискенбаев куп жарашкан вариант болгон. Анткени аны көпчүлүк күчтүү депутат деп тааныган эмес. Анын үстүнө, ал мандатын коргоп алууга алы жетпейт болчу.

– Кечээги болгон орун алмашуулар беш жылдан бери эле көрүп жүргөн концерттин жаңыча форматы. Бул кадамдар мамлекеттин өнүгүүсүнө такыр тиешеси жок. Болгон-толгону баягы эле кызыл чеке бийлик талаш, бардык бийлик бутактарын бир тизгинге алуу, каршы чыккандарды жок кылуу болуп жатат. Башка эл камын ойлогон кадамдар жокко эсе ал оюнда. Ага президенттин өзүнүн сөзү далил. Айтпадыбы “мага каршы чыккандар эл душманы” деп.

Четинбаев канчалык кадрдык алмашуулар болсо да, мамлекеттеги абал ушул бойдон калат деген ойдо. Ал 2017-жылкы президенттик шайлоого бийлик болгон рычагын колдонуп атканын айтат.

– Атамбаев кетип, аркасынан бардык тарапташтарын ала кетпесе, Сариеванын же башка КСДПчылардын кетиши менен өлкөдө эч нерсе өзгөрбөйт. Ошол эле орунга ошондой эле бүгүнкү бийликтин кишилери келет. Бүгүн Атамбаевдин командасы дапдаяр болуп калды. Аны менен кармаша турган адам жок. Текебаевди бөлдү, Бабановду жанына кошуп алды. Акыркы жумада түптөгөн командасын бекемдеди десек болот, – дейт оппозициячы.

Исаев саясий салмагын сездиби?

“Кыргызстан” партиясынын мурдагы лидери Канат Исаевдин лидерликти партиялашы Алмазбек Баатырбековго тапшырып беришин саясат таануучулар көпчүлүк коалицияга “Республика-Ата Журт” фракциясынын кириши айдан-ачык болуп калганы менен түшүндүрүшүүдө. Эртең коалициялык көпчүлүктүн курамына Канат Исаев башкарып турганы үчүн “Кыргызстан” фракциясы кирбей калышы мүмкүн дешет алар. Бир четинен келечекте президенттике камынып жүргөн Исаев өзүнүн саясий салмагын сезди деп да божомолдошууда. Саясий эксперт Марс Сариевдин ою боюнча Исаев Бабановдун дарамети кандай экенин жакшы түшүнөт.

– Канат Исаевдин “президенттик шайлоого катышам” деген дымагы күч. Бул башынан ошол ой менен келатат. Анан азыр “Республика-Ата журт” коалицияга кире турган болуп калгандан кийин Исаев сестене түштү. Билет да, Бабановдун дарамети аябай чоң экендигин. Ошондуктан КСДП менен Республика альянс түзгөндөн кийин мүмкүнчүлүгү таптакыр жоголуп кеткенинен улам кетти деп ойлоп турам, – дейт саясат таануучу.

Кыйшайтмай кезеги мэрдеби?

Ал эми жашоосун “удача” коштогон президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов кызматын эмнеден улам таштаганы азыр көпчүлүккө табышмак бойдон калууда. Бирок кеңешчилигинен кетип жатканда Ажобуздун кабыл алуусу оңой жерге барбоосун каңкуулап тургандай.

Айрым эксперттер коомчулукка аты расмий булганып калган бийлик өкүлдөрүн да Мискенбаевдин тагдырындай тагдыр күтүп турат деген ойдо. Имиштерге караганда эмки ээрден кыйшайтмай кезеги Бишкек мэри Албек Ибраимовго келип жетти.

Булак: Саресеп 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: