“2015-жылы атамдын дагы бир карачечекей баласы бар – Раис Атамбаев деген бар. Жубайы Раиса Мухамедовнанын биринчи никесинен карачечекей баласы да, ошол баласы үйлөнгөндө Иса Өмүркулов өкүл атасы болгон”, – деп билдирди 2-июнда Алмаз Атамбаевдин ортончу уулу Сейтек Атамбаев журналист Майраш Базлакуновага интервью берип жатып.
“Резиденцияда, тойдо чыкыйып олтурду да 2015-жылы. Эми өкүл атага башка бир чоочун кишини койбойт да, мындай логикага таянсакчы. Эми айткан сөзүнүн баары калп да. Ошол кишинин айткан сөзүнүн баары калп – “мен Атамбаевдин убагында куугунтук жедим” дегеничи”, – дейт Сейтек Атамбаев.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2016-жылы декабрда президент Алмаз Атамбаев өгөй уулу Раис Бектемировду Кыргызстандагы аскердик технологиялар боюнча ири ишкананын директору кылып дайындаган. Атамбаев АКШнын Кыргызстандагы аскердик базасын чыгаргандыгы үчүн Россия Кыргызстанга 1 миллиард 200 миллион доллардык аскердик техникалык жардам көрсөтүү убадасын кылган. Ал келишимдин негизинде Россиялык “Ростехнология” аскердик куралдарды чыгарчу корпорация Кыргызстанда өз филиалын ачкан. Ал ишканага Алмаз Атамбаев алгач өзүнүн эски досу, расмий кеңешчиси Петр Костроминди директор кылып дайындаган эле. Анан аны кызматтан кетирип, анын ордуна “Ростехнологиянын” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору кылып уулу Раис Бектемировду 2000 доллар айлык менен дайындаган. “Ростехнология” корпорациясы өндүргөн курал жарактарын дүйнөнүн 70тен ашык өлкөсүнө сатат.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ