Menu

Видео – Кубан Мамбеталиев, профессор: “Сооронбай Жээнбеков 30 коррупционерди олтургузам деген, олтургузуп жатат, элдин ишенимин актап жатат”

Бөлүшүү:
“Кыргызстан жакырчылык боюнча дүйнөлүк рейтингде Казакстанга караганда 6 эсе жана Өзбекстанга караганда 2 эсе жарды болуп турат. Бирок ошол эле учурда 24 миң долларга чейин айлык алгысы келген мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери бар. Булардын баарын колго чабыш керек”, – деди саясат талдоочу Кубан Мамбеталиев.
“Президент Жээнбековго шайлоодо эл ишеним көрсөттү эле, ал ишенимди актап жатат. Азыр коррупция боюнча реалдуу күрөш жүрүүдө. Президент Жээнбеков шайлоо алдында “Кыргызстанда 30 коррупционер бар, ошонун баары абакка олтурасыңар деген, азыр ошол 30 коррупционерди олтургузуп жатат. Азыр 30га жакындап калды. Буга чейин качан эки премьер-министр, эки мэр, вице-премьер-министрлер, генералдар качан олтурчу эле? Депутаттар жана министрлер качан олтурчу эле, жеп-жеп алып, кутулуп эле кетчү эмес беле? Бишкектен жесе, Ошко которулуп губернатор болуп олтуруп калат. Оштон жеп-жеп туруп, анан Нарынга барып олтуруп калат. Ушундай коррупциялык ротация кылчу бизде мурунку президенттердин учурунда. Азыркы учурда андай жок. Анын баары жабылды. Генералдык прокурорду олтургузуп койду. Бул президент ишенимди актап жатат, “- деди профессор Кубан Мамбеталиев.
“Биз чыгаан деп жүргөн Аида Салянова Азиз Батукаевдин астында лезгинка бийлеп калып жатпайбы, эмнеге анын буйругун аткарат? Ал эми Турсунбек Акун “мен акча алган эмесмин” деп актанат. Кеп анын акча алганында же албаганында эмес. Кеп анын ошол Батукаевге барганында, анын “Мыйзамдагы ууру” экенин билип туруп, эмнеге барат, анын укугун коргоп? Акыйкатчы ошол “вордун” укугун коргош керек беле? Акыйкатчы ошол криминалдык дүйнөнүн лидеринин абактагы ал-акыбалын, шарттарын текшерип туруш керекпи? Турсун Акун Акыйкатчынын принцибин бузду, мына ошол үчүн жооп бериш керек… Кеп акча алганын далидөөдө эмес, кеп ошол бир кишинин алдында баары бийлеп калышканында. Бекер эч ким бийлебейт, ал түшүнүктүү да. “Кызды ким ресторанга чакырып, чыгымын төлөсө ал кыз менен бийлейт” дегендей эле кеп да. Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу менен дүйнөгө шылдың болдук”, – деди Кубан Мамбеталиев.
https://www.youtube.com/watch?v=CfhRnaQzV90&t=603s
Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: