Menu

Видео – Президент Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпинге биринчи даражадагы “Манас” орденин тапшырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июнда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге биринчи даражадагы “Манас” орденин тапшырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөөз кызматы билдирди.

Си Цзиньпин бул мамлекеттик сыйлык менен Кыргызстан жана Кытай ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кошкон көрүнүктүү салымы үчүн сыйланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков ал үчүн КЭР Төрагасына Кыргыз Республикасынын эң жогорку сыйлыгын тапшыруу сыймык экенин белгиледи.

«Манас» ордени жашоо символдорун – ачык асманды, күндү жана сууну билдирет, кыргыздарды бириктирген биздин улуу баатырыбыздын атын алып жүрөт. Сиз биздин өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө зор салым коштуңуз. Кыргызстанды ар дайым колдоп келатканыңыз үчүн Сизге чоң рахмат», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: