Элдик курултай деп курулай кыйкырык салып, куру дымакка алдырган Баяс Турал, Кадыр Кошалиев, Замир Көчөрбаев дегендер октябрь айынын башында кайрадан баягы эски курултай дегенин жандандырып өткөргөнү жатышыптыр. Өлкөдө кандай маселе жаралса ошол жерде ал маселени талкуулап, бийликти сындап чыга калууну адатка айланткан курултайчылар бул жолу Конституцияны өзгөртүүгө каршылыктарын билдиришээри жана паспорттогу улуттук деген графанын алынып салынышына каршы экендиктерин айтып азыркы бийликти жек көрүп жаткан айрым Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө жан тартышаары белгилүү болду. Ушинтип күн тийген жердин күгүгү болуп бирине жакшы көрүнсө, экинчисине жек көрүнгөн курултайчылар кадырын чачпай, эл ичинде тынч оокаттарын кылышса дейсиң.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ